• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Каржы министрлиги мыйзамга курчап турган чөйрөнү каржылоону эң төмөн пайызын белгилөөнү сунуштоодо

111

👁 674

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү демилгелеп, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн курчап турган чөйрөнү каржылоонун эң төмөнкү пайызын белгилөө боюнча механизмди иштеп чыгууну сунуштайт.

Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков 2018-жылдын 23-мартында БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо боюнча демилге» долбоорун ишке ашыруу боюнча Консультациялык кеңештин отурумунда билдирди.

Финансы министринин орун басарынын айтымында, өкмөттүн көптөгөн артыкчылыктары бар экенине карабастан, курчап турган чөйрөнү коргоо, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо эң негизги багыттар болуп саналат. «Эгерде биз буга азыртадан көңүл бурбасак, анда келечекте 15–20 жылдан кийин көйгөйлөр пайда болот, мисалы, ичүүчү суунун тартыштыгына же азык-түлүк коопсуздугуна таасирин берет деген божомолдор бар. Буга байланыштуу, биз чогуу иш-аракеттерди жасап, курчап турган чөйрөнү коргоону каржылоо жаатындагы негизги приоритеттерди аныктап алышыбыз зарыл», – деп белгиледи ал.

У.Кармышаков бул көйгөйлөргө жооп катары курчап турган чөйрөнү тийиштүү деңгээлде каржылоо максатында мыйзам чегинде демилге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Маданият жөнүндөгү» мыйзамда маданиятты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын 3%дан кем эмес каржылоо жүргүзүү нормасы бекитилген. Ушул сыяктуу ченемдик нормаларды курчап турган чөйрө жаатында киргизишибиз зарыл», – деп кошумчалады ал.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Азамат Эркебаев белгилеп кеткендей, курчап турган чөйрөнү коргоого мамлекеттин финансылык жана административдик ресурстары чектелген. «Каражаттарды натыйжалуу сарптоо, анын ичинде курчап турган чөйрөнү коргоого чыгымдоо көйгөйлөрү бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болууда. Биз бүгүнкү иш-чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу жана чечимдерди кабыл алуу үчүн платформа болуп берээрине тилектешпиз», – деди ал. 

Белгилей кетсек, «Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо – БИОФИН» долбоору боюнча Консультациялык кеңештин отурумунда БУУнун Өнүктүрүү программасынын командасынын 2 багыттагы документтеринин жыйынтыктары сунушталды.

Алар: 1) курчап турган чөйрөнү каржылоо жаатында саясий жана мыйзамдык ченемдер боюнча сереп; 2) мамлекеттик жана жеке жаратылышты коргоо чыгымдары боюнча сереп. Серептер БИОФИН методологиясы боюнча жүргүзүлдү жана ал 2011–2016-жылдар аралыгындагы 6 жылдык мөөнөттү камтыйт.

Долбоордун командасынын ишинин натыйжаларынын бири айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу сыяктуу маселелер ыйгарым укуктарына кирген бардык министрликтердин жана ведомстволордун чыгашаларынын деталдуу анализи болуп саналат. Ошондой эле анализде жеке сектордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн чыгашалары да каралды.

Атап айтканда, анализ эсептик маалыматтар боюнча 2011–2016-жылдарда айлана-чөйрөгө сарпталган жалпы чыгымдар 12,1 млрд сомду түзгөндүгүн, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого 6,3 млрд сом, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча чараларга 1,8 млрд сом жумшалгандыгын көрсөттү.

Айлана-чөйрөнү коргоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнүн көбүрөөк үлүшүн республикалык бюджеттин чыгашалары (55 %) ээлеген, жергиликтүү бюджеттердин үлүшү — 1%, донорлордун үлүшү — 10 %дан 13 %га чейин, бейөкмөт уюмдардын үлүшү — 2 % болгон. Ошону менен бирге БИОФИНдин методологиялык ыкмасы айлана-чөйрөнү коргоого иш жүзүндө сарпталган чыгымдарды айкындоого мүмкүндүк берди, бирок башка чыгымдар да эске алынды. Ошентип, БИОФИНдин ыкмасына ылайык 6 жылда республикалык бюджеттин айлана-чөйрөгө байланышкан чыгашаларынын суммасы 6,5 млрд сомду, кабыл алынган расмий классификация (Бюджеттик классификациянын 705-бөлүмү) боюнча 4,1 млрд сомду түздү.

Ошондой болсо да, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар бир кыйла каражаттарды талап кылат, учурдагы финансылык тартыштыкты мамлекеттик каржылоо менен гана жабуу кыйын болууда. БИОФИН айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодогу каржылоонун көлөмүн салттуу жана инновациялык финансылык чечимдердин жардамы менен кантип көбөйтүүгө болорун сунуштайт. БИОФИНдин командасы мындай чечимдердин анализин камтый турган финансылык планды 2018-жылдын аягына чейин даярдоону пландоодо.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости