• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Каржы министрлиги штаттарды кыскартуулар тууралуу билдирди. Куу арифметика!

minfin1

👁 644

2016-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги өз курамынын санын 225 адамга кыскарткандыгын билдирди, ал республикалык бюджетке 57,5 миллион сомду үнөмдөөгө алып келет. Бул жаңылыкты ошол замат мамлекеттик жана көзкарандысыз ММКлар жазып чыгышты.

Бул иш чаралар Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын штаттык санын кыскартуу тууралуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Каржы министрлигинин №61 «Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин штаттык түзүлүшүн жана саны тууралуу» Токтомун кылдат караганда Борбордук Аппарат жалпы 225 сандан болгону 7 (!!!) адамга кыскарарына күбө болобуз. Ошол эле учурда кыскартылган 7 кызматкердин экөөсү Каржы министрлигинин мекемеси болуп саналган жана Бишкек шаарында жайгашкан Мамлекеттик сатып алуулар департаментине берилет.

Демек, Каржы министрлигинин реалдуу кыскартуусу борбордо 5 адам гана болот. Бирок ушуну менен эле токтоп калбайт, ушул эле Токтом менен Каржы министрлиги өзүнүн Окуу борборунун штаттык санын 2 адамга көбөйткөн.

Ошентип Каржы министрлигинин кыскартуусу жыйынтыгында борбордо болгону 3 гана кызматкерди түзөт. Мына ушундай куу арифметика!

Сыягы, жарыяланган кыскартуулар эбегейсиз административдик-кагаз менен жер жерлерде көмүлүп калган аймактык мекемелерге гана тиешелүү окшойт.

Азырынча Каржы министрлигинин кыскартуусунан үнөмдөөнү сезбеген республиканын бюджети андан да ар кандай жумушсуз калган кызматкерлерди ишке орноштуруу жана ар кандай компенсацияларды төлөө менен чыгымды тартууга тийиш.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости