Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №43-Б буйругу менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмо бекитилди.
Бул колдонмо бюджеттерди түзүү жана аткаруу этабында тийиштүү мезгилге республикалык бюджет боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү аркылуу бюджеттик процесске жарандардын катышуусун камсыздоо максатында иштелип чыккан.
Методикалык колдонмо республикалык бюджет боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин, ошондой эле бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн аныкталган эл аралык талаптарды эске алуу менен жарыялоо жана кайра байланыш түзүүнү камсыздоо форматын камтыйт.
Бул Колдонмого ылайык, бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар (уюштуруучулары – бюджеттик мекемелер) жыл сайын 25-апрелден кеч эмес, ал эми бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүлөрдүн бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар жыл сайын 25-июлдан кеч эмес өткөрүлүүгө тийиш.
Мындан тышкары, Финансы министрлиги республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды (15-сентябрдан кеч эмес) өткөрүүгө, жылдык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчёттун долбоору боюнча коомдук угууларды (1-майдан кеч эмес) өткөрүүгө, ошондой эле бюджеттин аткарылышына жарым жылдык серепти (15-августтан кеч эмес) жүргүзүүгө жооптуу.