Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен балдар мекемесин 69 млн сом өлчөмүндө кошумча каржылоо тууралуу буйругу чыккан.
Буга чейин 2018-жылдын 27-февралына карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги балдар мекемесине 2018-жылга каралган 5 млн сом өлчөмүндөгү каражатты толук бөлүп берген.
Белгилей кетсек, аталган мекеменин жетекчилиги капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган эски корпустардын аянычтуу абалын эске алуу менен балдар мекемесинин тарбиялануучулары үчүн жаңы салынып жаткан корпустун курулуш иштерин тездетүү өтүнүчү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылган.