Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 5-июнунда Айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнү белгиленди.
Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1972-жылы кабыл алынган жана ошол убакыттан бери дүйнөлүк коомчулук тарабынан жыл сайын 5-июнда белгиленет.
Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн Токтому менен 1999-жылдын 8-сентябрында айлана-чөйрөнү коргоону пропагандалоо жана коомчулуктун экологияга болгон мамилесинин маанилүүлүгүн күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнү деп аныкталган.
Аталган маанилүү даталарды майрамдоонун алкагында КР Финансы министрлиги 2017-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджеттен айлана-чөйрөгө кеткен анык финансылык чыгымдар жөнүндө инфографиканы сунуштады.