2018-жылдын январь-февраль айларында республикалык бюджетке 21 млрд. 787 млн. сом өлчөмүндө ресурс келип түштү же планга (17 млрд. 988,4 млн. сом) карата 121,1 %ды түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу ресурстар 25,2 %га же 4 млрд. 390,5 млн. сомго көбөйдү.
Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:
Мамлекеттик салык кызматы — 45,9 %,
Мамлекеттик бажы кызматы — 27,6 %,
Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер – 19,8 %,
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,6 %.
Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 17 млрд. 74,1 млн. сомду же пландын 112,5 %ын түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 3 млрд. 193,2 млн. сомго көбөйдү.
Салыктык түшүүлөр 16 млрд. 34,3 млн. сомду түздү (план боюнча 14 млрд. 349,9 млн. сом келип түшмөк) же план 111,7 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсүшү, акчалай туюнтканда, 3 млрд. 213,1 млн. сомду түздү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 93,9 %ды түздү.
Салык кызматы боюнча түшүү 10 млрд. 11,3 млн. сомду түздү же план 101,8 %га аткарылды.
Бажы кызматы боюнча түшүү 6 млрд. 23 млн. сомду түздү же план 133,3 %га аткарылды.
Салыктык эмес түшүүлөр 1 млрд. 39,8 млн. сомду же пландын 124,7 %ын түздү (план боюнча 833,7 млн. сом келип түшмөк). Өткөн жылдын деӊгээлине карата салыктык эмес кирешелер 380,2 млн. сомго көбөйдү.
Активдер жана милдеттенмелер 4 млрд. 713,8 млн. сомду түздү (план боюнча 2 млрд. 804,8 млн. сом келип түшмөк), план 168,1 %га аткарылды.
Ишканалардан жана уюмдардан мурда аларга берилген ссудалар жана насыялар боюнча 405,3 млн. сом кайтарылды.
Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча түшүүлөр 4 млрд. 308,2 млн. сомду түздү же план 171,2 %га аткарылды.
Маалымат катары айта кетсек, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 1 млрд. 243,5 млн. сомду, ал эми мамлекеттик инвестициялык программалардын (МИП) каражаттары жалпысынан 772,9 млн. сомду түздү, анын ичинде МИПтин тышкы насыялары 593 млн. сомду, МИПтин гранты 179,9 млн. сомд болду.