2017-жылы Даттанууларды жана каршылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомство аралык комиссиянын дарегине 883 арыз келип түштү, анын ичинен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине (аракетсиздигине) карата 781 даттануу жеткирүүчүлөрдөн (подрядчик) келип түшсө, Ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирүүчүлөрдүн (подрядчик) маалыматтар базасына киргизүү тууралуу 102 кайрылуу сатып алуучу уюмдардан келип түштү.
2017-жылы берилген даттануулардын 84 пайызынын негизги себеби – конкурстук өтүнмөлөрдү баалоонун жыйынтыктарына, 7 пайызы – стандарттуу конкурстук документтердин талаптарына макул эместик ж.б.
Берилген 883 даттануунун ичинен 590у Комиссиянын кароосуна алынган, 145и кароого алуудан баш тартылган, 148и арыз ээси тарабынан чакыртылып алынган. Кароого алынган 590 даттануунун ичинен 351и Комиссия тарабынан негиздүү деп бааланган, ал эми арыздарда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар тастыкталбаган 239 даттануу негизсиз деп табылган.
Ошондой эле Комиссия 219 даттануу боюнча конкурстун жол-жобосунун шарттарын бузган сатып алуучу уюмдардын чечимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Даттануулардын 18 пайызы же 54 даттануу боюнча Даттанууларды жана каршылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомство аралык комиссия сотко кайрылууну сунуштаган. Ошондой эле аталган Комиссия 10 негизсиз даттануу боюнча сотко кайрылуу сунушун берген, анткени аларды кароонун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарды башка бузуулар айкындалган. 15 даттануу боюнча Комиссия сатып алуучу уюмдун сатып алуулар жол-жоболорун токтотуу тууралуу чечим чыгарган.
Комиссия тарабынан даттануулар кароого алынып, акыркы чечим чыгарылганга чейинки даттанууларды кароонун орточо ылдамдыгы 8,02 күндү түзгөн.