Биз кааласак каалабасак дагы убакыттын өтүшү менен картайып «ошол куракка барабыз», анткени бул көйгөй бүгүн жаштарга да, ошондой эле, улууларга да тиешелүү.
Карыялар айлыгынын тарыхына сереп
БУУ маалыматы боюнча, 1950-жылдан 2010-жылга чейин жашоонун узактыгы жалпы дүйнөлүк деңгээлде 46 жаштан 68 жашка өөдөлөдү, ушул кылымдын соңуна чейин 81 жашка жетээри болжолдонууда.
Кыргызстан – мындан сырткары эмес
Биздин республиканын калкы дагы картайып бара жатат. Жакынкы жылдары Кыргызстанда картаюу чоң темп менен жүрөрүн HelpAge International уюмунун КР филиалынын директору айтат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда жалпы калктын 8% — 60 жаштан улуу курактагы адамдар, ал эми 2050-жылга карата улгайган кишилердин саны үч эсе көбөйөт. Алар өз кезегинде мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошкон калктын бир катмары, учурда ал кишилер өлкөнүн учурдагы экономикалык оор түйшүгүн аркалап жатышат.
Мамлекет үчүн адам укугу эң маанилүү орунда турушу керек
Кыргызстанда жалпы пенсионерлердин 42% жашоо минимумдан төмөнкү пенсия алат. Жашоо минимумдан өөдө суммадагы пенсияны 58% ардагерлер алат. Эң жогорку пенсия прокуратура органдарынын жана аскер кызматынын мурдагы кызматкерлерине чектелген. Ошол эле учурда аскер кызматчылары милдеттүү социалдык төлөмдөрдөн бошотулган.
Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы, ошондой эле, экономикалык жана фискалдык саясат комитеттеринин кошмо жыйынында да сөз болду. Жыйынтык маалымат боюнча айтылган Кыргызстандагы пенсия жашоо минимумга араң жете турганы таң калыштуу эмес жана ал пенсионерлерге баардык төлөмдөр бирдей эсептелээри белгилүү иш. Пенсиялардын төмөн деңгээли өлкөнүн башкы мыйзамы –Конституцияга каршы келет, анда «пенсия, социалдык жардам мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, мыйзам менен аныкталган жашоо минимумунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыздайт» деп белгиленген.
Жашоо үчүн күрөшүү
Пенсияга чыгуу жана картаюу процессинин өзү – баардык адам үчүн стресс. Бирок биздин мамлекетте көбүнчө карыяларга оптималдуу адаптациянын ордуна жашоо үчүн жан талашкан социалдык ыңгайлашуу механизми башталат, алардын жашоо деңгээлин жакшыртууга же көнүмүш шартын туруктуу сактоого эч жардам бербейт. Тиричилик өткөрүүнүн өзү дагы оор түйшүккө айланат.
Акыркы жылдары турак жайды күтүү, пенсионерлер үчүн олуттуу түйшүккө айланды. Ошол эле учурда коммуналдык мекемелер пенсионерлер алардын кызматтарын төлөөдө эң так келээрин белгилешет: улгайган адамдар жашаган үй-бүлөлөрдө коммуналдык кызматтар үчүн карыз башка үй чарбаларга салыштырмалуу 3,5 эсе аз. Алар кийимдерин жаңыртууну же башка чоң буюм-тайым сатып алууну да эчак унутушкан.
Алардын балдары эмнени карап жүрөт?
Албетте, балдары дайыма жакшы карап жардам берген пенсионерлер дагы бар, бирок көп учурда балдары кароосуз калтырган карыялар, өздөрү чет өлкөгө жумуш издеп кетип, карыган ата-энесине кичинекей балдарын таштап кеткендер дагы бар. Пенсионерлер мыйзамдуу эс алуунун ордуна кайрадан «ата-эне» болуп, өздөрүнүн курагына оор келген түйшүктү моюнга алышат. Эксперттердин айтымында, бул бир гана улгайган адамдар үчүн эмес, балдардын жетиштүү тарбия жана билим албай калышына да себепкер болот.
Бул карыялардын өлкө экономикасына кошкон салым бир кыйла маанилүү экенин билдирет: алардын жардамы менен ишке жарамдуу кишилер балдарынан кам санабай иштей алышат. Бул өзгөчө балдар бакчалары тартыш шартта абдан актуалдуу маселе болуп саналат.
Өз кезегинде 80 жаштан улуу кары адамдардын 31% дайыма кошумча кам көрүүгө муктаж, бирок андай жардамы 12% гана алат
Анын айтымында, чоң ата, чоң энелер көп учурда өз алдынча же элдик дарыгерчилик менен дарыланышат.
Жардам бербесе дагы маанай көтөргөн жагдайлар да бар
Эгерде карыяларга балдары же жакындары кайрылышып, аларга акча, азык-түлүк жана кийимден жардам берип турса абдан жакшы. Ал эми каралашаар жакындары жок карыялардын көңүлүн көтөрүүгө «Жүрөктөн жүрөккө» акциясын уюштуруучулары жардам беришти.
«Бул акциянын маанилүү максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдар секторунун өз ара биргелешкен аракети менен Бишкек шаарындагы жана республикадагы карыялар арасында өз жардам топторун түзүү, ошондой эле, улганган адамдардын пенсиясына кошумча акча каражат табуу ыкмаларын изилдөө болуп саналат», — деди Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун директору Светлана Баштовенко.
Борбор калаанын Эркиндик гүлбагында Курманжан датканын эстелигинин жанында Бишкек, Чүй, Ысык-Көлдөн облустарынан келген карыялардын өз жардам топтору өз колдору менен жасаган кийизден, жүндөн, жыгачтан жасалган буюмдардын, бөлмө гүлдөрү, даамдуу тамак аш, туздалган азыктар жана кайнатылган кыямдардын көргөзмөсүн уюштурушту. Бул өнүмдөр ушунчалык мээрим менен жасалгандыктан шаардыктар улгайган кишилердин колуна чыккан буюмдарды калтырбай сатып алып кетишти.
Пенсия жогорулады!
5000 сомго чейинки пенсиялар үчүн жогорулатуу 13,2% түзөт, ал эми 5000 сомдон өөдөкү пенсияга – 7% акча кошулат.
Жогорулатуу механизми төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:
- 2017-жылдын 1-октябрынан пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сом өлчөмүндө аныкатлат, өсүш 280 сомду түзөт;
- пенсиянын камсыздоо бөлүгү 1,05 өлчөмүндөгү коэффицентке индексацияланат, бирок 240 сомдон кем болбойт. Индексация коэффиценти инфляциянын өсүшүнө жана өткөн жылдагы айлык акынын жогорулашына карата эсептелген.
- биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын өлчөмү пенсионердин өткөн жылдагы жашоо минимумун төмөн эмес чоңдукта аныкталат
Биздин өлкөдө улгайган адамдарга тийиштүү көңүл бурулбайт. Алар өз мекенинин экономикасын өнүктүрүү үчүн болгон күч-кубатын беришкен, эми болсо жаш курагы алардын ден соолугуна жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизүүдө, ошондуктан алар мамлекеттен өздөрү күткөн колдоону алгысы келет.
Ирина Байрамукова