Аудитордук жана кеңеш берүү кызматы менен алектенген PricewaterhouseCoopers (PwC) компаниясы “Бизнес-тармагында аялдардын карьералык мүмкүнчүлүктөрү” деп атаган эмгек рыногу боюнча изилдөөсүн жарыялады.
Изилдөөдө белгиленгендей, аялдар өз кызыкчылыгын коргоо менен жакшы жыйынтыктарга жетишишкен. Сурамжылоо көрсөткөндөй, чечкиндүү болуу жана өз кызыкчылыгын коргоо керектигин түшүнгөн аялдардын саны бир топ өскөн.
Сурамжылоого катышкан аялдардын 58%ынын пикирине, карьералык өсүш болуусу үчүн жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда ишеним болуусу кажет. “Ишканалардын жетекчилери кызматкерлери аларды тынчсыздандырган маселелерди ачык талкууга алууга шарт түзүп берүүлөрү керек жана алар кандай талаптарды аткарса кызматынан көтөрүлөрүн билүүлөрү абзел. Ошондой эле жаңылыш пикирлерден, гендердик стереотиптерден алыс болуу керек”,-деди PwC эл аралык фирмалар тармагынын президенти Боб Мориц.
Бул учурда Кыргызстанда…
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2017-жылы аялдардын саны эркектердикинен көп болуп чыккан. Ал эми иш менен камсыз болгон аялдардын саны такталган эмес. Бирок социалдык-экономикалык каатчылыктарга байланыштуу Кыргызстанда карьера менен алектенген аялдардын саны акыркы 2–3 жылда жогорулаган деле эмес.
Аялдардын көбү кызмат көрсөтүү тармагында иштеп келишет.
Жалпысынан аялдардын ишкерлиги өлкөдө өнүккөн эмес. Кыргызстанда карьераны ойлогон кыз-келиндердин саны көп эмес. Социумду башкаруу деңгээлинде аялдар аз. Алар аткаруучу ролдо гана.
Экономикалык жактан эркектер активдүү. Аялдардын активдүүлүгү 1,5 эсеге аз. Бирок убакыт менен алсак аялдар эркектерден 1,5 эсеге көп иштешет. Аялдардын көбү бюджеттик уюмдарда иштешет: мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда. Акыркы маалыматка таянсак аялдардын 80%ы дал ушул тармактарда эмгектенишет.
Кыргызстанда аялдар карьера эмес, жалаяк жана тамак жыттанып турат!
2017-жылдагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингине ылайык, гендердик теңсиздик боюнча Кыргызстан 85-орунда турат.