“Менеджмент боюнча кеңеш берүү институту” коомдук уюмунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров КРнын экономикасынын негизги кыймылдаткычы жаштардын ишкерлиги экенин билдирди.
Бирок биздин өлкөнүн бизнес коомчулугу башталгыч ишкерлердин алдында бир катар тоскоолдуктар болорун белгилеп келишет. «Жашыл Чарба» агрохолдингинин башкы директору Тилек Токтогазиевдин айтымында, өз алдынча ишкер болууну каалоо жетишсиз. Жаштарга ишти эмнеден баштоо керектигин айтып берүү, багыт көрсөтүү зарыл.
Окуу гана эмес, бизнес жаатында тажрыйбасы барлар менен дагы пикир алышуу зарыл. “Алар жаштарга жол көрсөтүп, кайсы кырдаалдан кандай жол менен чыкса болорун айтып беришет. Миң жолу укканча бир жолу көргөн артык деп коюшат эмеспи. Тилекке каршы, бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктар мүмкүнчүлүктөрүн билишпейт жана өздөрүнө көп ишене беришпейт. Ошондуктан көпчүлүк жаштар ата-энесинин, туугандарынын пикиринен көз каранды болуп, өзгөрүү тууралуу пикирлеринен баш тартышат”,-деди «Dodo Pizza Kyrgyzstan» мекемесинин башкы жетекчиси Эсен Жуманов.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жыл сайын эмгек рыногуна 8 миң жаштар кошулат, бирок алардын жарымы гана өлкөсүндө иш таба алышат. Калгандары болсо бул маселени чет жакка кетүү менен гана чечип келишет. Бул маселе барган сайын күч алууда.
Баса жакында эле жарыяланган КРнын партияларынын бири жүргүзгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгында жумушсуздардын 80%ын айылдыктар түзөрү белгилүү болду, сурамжылоого катышкандардын 70%ы өз өлкөсүнөн кетип, жада калса башка мамлекеттин жарандыгын алууга да даяр.
Ал эми кесипкөй тренер Таалайгүл Тажибекова Ысык-Көл жана Талас облустарына болгон иш сапарынын натыйжасында өлкөдө бизнес менен алектенүүнү каалаган жаштар көп экенин айтат. Бирок коммуникациядан алыс, Интернет жок жерде шаардыктар менен айылдыктарга бирдей шарт түзүлөт деп айтууга болбойт. “Жаштар – бул келечек. Алар үрөн сыяктуу, себеби алар бир аз убакыттан кийин эле түшүм бере башташмак”,-деди Таалайгүл Тажибекова.
Аймактардагы жаштардын идеялары негизинен айыл-чарбасына байланыштуу. Себеби жаштар бала чагынан бери ата-энелерине мал багууга жардам берип, айыл көйгөйлөрүн мыкты билишет. Жаштардын көбү сарымсак өстүрүүнү каалайт. Себеби 10 соток жерге себилген 1 кг сарымсактан күзүндө 500 кг түшүм алса болот! Инкубаторлорду алып, балапан чыгарууну каалашат. Балчылык жана апи терапия менен алектенүүнү каалашат.
Ак-Дөбө айылынын бүтүрүүчүсү Гүлмира Деркембаева айылында социалдык сурамжылоо жүргүзүп, жаштар үчүн эс алуучу жайлар жоктугун аныктаган. “Айылдагы жаштар карта ойношуп, ишсиз эле ар жерде топтолуп отурушат экен. Бош убакыттарын пайдалуу нерселерге жумшашса болмок. Жаш кыздар жана балдар роликтерди тебүүчү жай уюштуруп берүүнү суранышкан. Кээ бирлери бий ийримдерине, боулинг борбор ачууну сунушташып, жаш балдар үчүн батут дагы керек экенин билдиришти”,-деди ал.
Жашоосун өзгөртүүнү каалаган жаштар канча болсо, идеялар дагы ошончо. Баарын санап чыгуу мүмкүн эмес. Жаштар бүгүн алардын ишин колдоп кетүү үчүн тренингдер, стартап-форумдар жана башка иш-чаралар уюштурулуп жатканын билүүлөрү керек. Ошондо гана балдар жана кыздар ишкерликке кадам таштоодон коркпойт болчу.
Жаштардын ишкерлигин алдыга жылдыруучу уюмдар: Biz Expert, бизнес-ассоциациялардын альянсы, Жаш ишкерлер ассоциациясы ж.б. Ошондой эле жаш ишкерлерге төмөнкү эл аралык уюмдар жардамдашып келишет: GIZ, ПРООН, Швейцария өкмөтү, БУУНУН балдар фонду – ЮНИСЕФ, Азия өнүктүрүү банкы, IDEA CA ж.б.
Жаштардын бизнес идеясын ишке ашыруусуна көмөкчү болуу үчүн аларга финансы, тайм-менеджмент, жергиликтүү коомдордун талаптары боюнча билим берүү керек. Билимдүү жаштар гана жергиликтүү экономикага салым кошо алышат.
Ал үчүн айыл-өкмөттөрүндө жаштар борборлору, клубдары түзүлүүсү зарыл. Ошентип бийлик дагы жаш бизнесмендердин билим алуусуна, бихнес идеясынын ишке ашуусуна көмөкчү боло баштайт.
Албетте бүгүнкү күнү ишкерликке аралашып кетүү оңой эмес, бирок кимдин бизнес идеясы жаңы болсо ошол адамдан мүмкүнчүлүк көп болот. Ошондой эле бизнес идеялар коомчулук үчүн актуалдуу болуп, келечекте адамдарга пайдасы көп болуусу зарыл.
Чыгышта “Чоң жол алгачкы кадамдардан башталат” деген кеп бекеринен айтылган эмес. Бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы өндүрүш инфраструктурасы, билимдүү адамдар керек экенин эч ким талашпайт. Бул туура. Бирок бул нерселер өзү эле дароо келип калбайт. Ал үчүн адамдардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу кажет. Кичинеден кадам таштоо менен чоң келечекке багыт аларыбызды эстен чыгарбоо керек.
Ирина Байрамукова