• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кант шаарында сейилдөө

korporatsiya-ayu-6

👁 2,468

Биз Ысык-Көл облусуна бара жатып дайыма Кант шаарынан өтөбүз, бирок бул шаардын жашоосуна көп деле кызыга бербейбиз.

Шартка байланыштуу мен бул шаарга келип, фотоаппаратты колума алып, сейилдеп келдим.

Кант – Чүй облусундагы шаар, Ысык-Ата районунун борбору болуп саналат. Бишкек шаарынан 20 чакырым алыстыкта деңиз деңгээлинен 742 метр бийиктикте жайгашкан. Ал башка калктуу конуштар менен жолдор аркылуу байланышкан (баса “Манас” аэропортуна чейин 45 чакырым), ал эми Бишкек – Балыкчы темир жолу (темир жол станциясы шаар ичинде жайгашкан) да бар, ошондой эле авиабазалар дагы бар (Шаар сыртында “Кант” деп аталган аскердик аэродром бар).

Маалымат үчүн

Бишкектин чыгышынан 30 чакырым алыс жайгашкан аскердик Кант аэродрому Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ачылган. Аны Афганистандагы согуш учурунда активдүү колдонушкан. 2003-жылдын октябрынан тарта бул жерде Орусиянын алгачкы аскердик базасы бар. Авиабазанын негизги максаты – ЖККУга кирген өлкөлөрдүн тез чара көрүү боюнча Биргелешкен күчтөрдүн авиациялык бөлүгү болуп эсептелет.

Шаар 1934-жылы негизделген, 1985-жылы шаар макамын алган. Кант шаары республикадагы кичи шаарларга кирет, анын калкынын саны акыркы маалыматтарга ылайык, 100 миң адамды түзөт, Ысык-Ата районунда жалпы 240 миң адам жашайт.

Шаар көп улуттуу – ал жакта кыргыздар, орустар, азерлер, корейлер, жалпылап алганда 80 улут өкүлдөрү жашашат. Алардын баары ынтымактуу, беш кол тең эмес дегендей ар кандай учурлар болот бирок конфессиялар аралык араздашуу деген жок.

Аянты 7,86 км2. Борбору болуп шаарга кетүүчү маршруттук таксилер турган жер, алардын катарында дүкөндөр, базар бар. Бирок эч кандай архитектура тууралуу сөз кылып болбойт.

Шаар белгилүү, кызыктуу адамдары менен таанымал. Бул шаардын адамдары өз шаарын сүйүшөт.

–Сиз кайдан келдиңиз? Эмнеге сүрөткө тартып жатасыз?”- деп сурашты 2 кыз, бир аздан соң мектеп окуучулары келишип, учурашып калышты. Чогу басып сүйлөшүп кеттик.

–Бул жерде кандай жашайсыңар?

- Бизде 3 микрорайон жана мектептер бар. Акыркы убакта орусиялык маданият өкүлдөрү, музыканттар көп келип башташты.

Сапарымды андан ары уладым. Көрүнүш жакшы эмес: эскирген кабат үйлөрдүн балкондорунда жайылган кирлер, бузулган аллеялар, сугарылбай, каралбай калган дарактар. 1978-жылы салынган милиция бөлүмүнүн абалы жакшы, анын жанында эле жеке айып жайы бар. Милиция алар менен келишим түзүп алышкан, жол кырсыгы болгон учурда унаалар ушул жерге алынып келинет.

Дубалдын ары жагынан иттердин үргөнү угулуп, кароолчусу мени кууп жиберди.

Микрорайондордогу үйлөрдүн абалы жакшы эмес, жакырчылыктын белгиси ушул экени билинип турат. Көпчүлүк жерлерде эле “сатылат” деген жазуу бар. Көчөдө адамдар жокко эсе. Бул жакшы белги болсо керек – канттыктар иштеп жатышат.

-“Менин апам « Абдыш-Ата» комбинатында иштейт”,-деди подъездден чыккан кыз. Анын артынан орто жаштагы киши чыкты.

–Шаарда жумуш барбы?

–Жумушчу орундар бар. 2,5 миң адам «Абдыш – Ата» ЖЧКсында иштешет, ал жерде сыра, минералдык суу, алкоголсуз суусундуктар, кондитердик азыктар чыгарылат. Комбинат менен катарлаш жайгашкан фирмалык дүкөндөн ал завод чыгарган өнүмдөрдү сатып алса болот. Жумушчуларга болгон мамиле жакшы. Ашкана, душ бар, атайын кийим беришет, жумушчуларга ар түрдүү жеңилдиктер бар, эң башкысы баары жумушунан кетпей иштеп калгылары келет.

Кант цемент-шифер комбинаты шаардыктардын сыймыгы. Ал жерде 3 миңден ашуун адам иштейт, бул заводдон чыккан цемент, шифер коңшу өлкөлөргө дагы ташылат.

«Кантское УПП» ЖЧКсы дагы иштейт. Бул жерде шейшептер, матрастар тигилип, макарон, нан чыгарылат. «Кант- Дан-Азык» фирмасы болсо буудайды тартып, комби тоют дагы даярдашат. «Кант типографиясы» гезит, бланка, китеп, журнал чыгарат. «Кант-Сүт» ЖЧКсы болсо сүттү кайра иштетүү менен алек. «Блиц – 1» ЖЧКсы этти кайра иштетип, колбаса, пельмен, котлет, рагу, фрикадельски чыгарат, «Хлебзавод» АКсы нан бышыруу менен алектенет.

–Биздин «МИСС» өлкөгө үрөндөрү менен таанымал. Жазында дыйкандар кезекке туруп калышат. Шаардын тегерек четинин баарына дан-эгиндер, жашылча-жемиштер айдалган. Мурун кант кызылчасы көп айдалчу, белгилүү болгон «Кант» шекер-рафинады чыгарылат, кант кызылчасын алган пункт бар.

Шаардагы жолдор өтө деле начар эмес, ал эми тротуарлардын абалы өтө начар. Шаарды жакшыртуу керек экен. Эскирген кара жыгачтар соолуп, карып калган, ал эми жаңы отургузулган көчөттөр жокко эсе. « Абдыш-Ата» комбинатынын айланасында гана жаш дарактар бар экенин көрдүм.

Канттыктардын көбү жумуш менен камсыз болушса дагы, Бишкекке келип иштегендер да жок эмес.

-“Бизге окууга дагы келишет!”-деп сыймыктануу менен айтты милиция кызматкери. Киргшелкто мыкты с/х колледж бар, ал эми Канттагы ПТУ№25 авторитет. Ошондуктан Канттагы таттуулар өтө даамдуу жасалат. Биздин тортторду жеп көрүңүз”

Жолумдан чыккандар Кант футбол шаарына айланып бара жатканын билдирди. Новопокровкада 3 футбол аянты бар, шаар четинде – 4, борбордо – 4. Бул салтты «Абдыш-Атанын» директору Советбек Абдышевич Сакебаев баштаган. Канттыктардын айтымында, «Абдыш-Ата» футбол интернатына колдоо көрсөтүп турат, жада калса орто мектептерде футбол класстары да бар.

Күн кеч кирип, күүгүм тарта баштады. Үйгө кетүүгө камындым. Маршрутканын айдоочусу менин фотоаппаратымды көрүп суроо салды:

–Сизге Кант жактыбы? Көп сүрөт тартыңызбы?

Сүрөттөр анча жакшы чыкпайт го деп ойлодум. Бирок бул учурдун чындыгы. Кайра жолугушканча, Кант!

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости