Чычкандын уйку безинин клеткаларын келемиштин денесинде өстүрүшүп аны диабет менен ооруган чычканга жайгаштырышкан. Оору процесси токтоп калган. Бул ыкма түрлөр арасындагы орган алмаштырууга жол ачат. Мисалы, чочконукун адамга алмаштырса болот дегенди түшүндүрөт.
Эксперимент жүргүзүлгөн келемиштин өзүнүн уйку безин өнүктүрүүчү гени алынып салынган. Андан соң келемиш эмбрионуна чычкандардын клеткалары киргизилген, алар ар бир органга жана тканга айланып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тажрыйбанын натыйжасында келемиштердин уйку безинин жетишсиздиги байкалган.
Айрым оорулуулар кант диабетинин биринчи тиби менен оорушат, анда уйку бези керектүү өлчөмдө инсулин иштеп чыкпай калат. Инсулин кандагы канттын көлөмүн жөнгө салып турат.
Аларга инсулинди иштеп чыгаруучу клеткаларды алмаштыруу жардам берет, бирок донорлордун жетишсиздигинен операция аз жасалат. Изилдөөчүлөр оорулууларга чочконун клеткасын алмаштыруу аракетин көрүшкөн, бирок адамдын организми аларды бөлүп салчу.
Адамдар менен чочколордун, койлордун жада калса маймылдардын айырмасы өтө көп, ошондуктан бир топ клиникалык текшерүүлөр өтмөйүнчө иммундук системанын абалы тууралуу билүү мүмкүн эмес.
Негизги маселе этика маселеси. Окумуштуулар мындай мутанттарды түзүүнүн арты жаман болот деп санашат. Мисалы, жаныбардын организминде өстүрүлгөн боорду алып жүргөн адамдын тукуму кандай болору бегисиз. Жана тескерисинче адамдардын клеткаларын жаныбарларга салуу эмне менен аяктары бүдөмүк.