Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө борбордогу экологиялык абал актуалдуу жана коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маселе болуп саналат.
Сапар Исаковдун айтымында, Бишкек шаарында абанын зыяндуу заттар менен булганышынан улам жарандардын ден-соолугуна жагымсыз таасирин тийгизүүчү түтүн каптоодо.
Премьер-министр аталган маселени комплекстүү чечүү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияныны директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, Бишкек шаарындагы абаны булгоочу негизги булак катары автоунаалар аныкталган. Ал белгилегендей, болжол менен 20 унаанын 16сы абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормасынан ашып түшөт.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, Өкмөт башчынын мурда берилген тапшырмасына ылайык, учурда экологиялык экспертиза өткөрүү боюнча көзкарандысыз экологиялык компанияны тандоо жүрүүдө, ал Бишкек шаардык ЖЭБи борбордогу абанын булганышына канчалык таасирин тийгизип жаткандыгы боюнча корутунду берет.