Кечээ, 18-майда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык кан борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.
Аталган маселе боюнча КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев баяндама жасашты. Маалыматка ылайык, Республикалык кан борбору менен катар 7 регионалдык кан борбору иштейт. Алардын баары жакында эле капиталдык оңдоодон өткөн. Жалпы республика боюнча 37 миңдей кан донору бар. Алардын 4500ү ардактуу донорлор, алар мамлекеттен ар ай сайын 1 миң сомдон колдоо алып турушат. Алынган кандар 42 күн сакталат, андан кийин жарабай калат.
Талкуу жүрүшүндө баяндамачылар депутат Руслан Чойбековдун суроосуна жооп берип жатып, топтолгон кандарды он жылга чейин сактоого болоорун билдиришти. Алардын айтымында, креоконсервалоо технологиясы иштелип чыккан. Аны менен топтолгон канды дароо −90−100 градуста тоңдуруп, атайын технология менен кайра эритип колдонууга болот. Бирок 10 жыл мурунку мындай жабдуулар эле өтө кымбат – 450 миң евро турат.
Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, кан үчүн мындай каражатты тапса болот. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери менен Кан борборунун өкүлдөрүнө бюджеттен качан каражат бөлүнөт деп күтүп отура бербей, донор уюмдарга кайрылууну сунуш кылышты.
Жыйынтыгында “Кыргызстан” фракциясы КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык кан борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты эске алуу чечимине келди.