Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн атайын мыйзамдарды кабыл алып, “Ижара жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” жана “Ипотекалык турак-жайды насыяга берүү” жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Бул тармакта дагы бир кадам алдыга жылуу болду. 2017-жылдын 15-мартында Өкмөт эмиссия, ипотекалык баалуу кагаздардын айлануусу тууралуу жобону бекитти. Ошондой эле өкмөттүн 2011-жылдын 27-майдагы № 253 “Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобого” өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизди.
Алгач ипотекалык баалуу кагаздар эмне экенине кенен токтоло кетели. Жөнөкөй жарандар бул куралды жеке кызыкчылыгыбыз үчүн, киреше табууга колдонсок болобу?
Кыргызстандагы баалардын жогорулоосун карай турган болсок, 2000-жылдан 2014-жылга чейин кыймылсыз мүлккө болгон баалар орточо эсеп менен 30–80%га жогорулаган. Кыймылсыз мүлктөр баасы төмөндөбөгөн активдердин катарында. Бул инвесторлорду тартып, ипотекалык кагаздар рыногунун өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. 2014-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин баалардын жай өсүүсү инвесторлор аз киреше таап калды жана салган каражаттарын жоготту дегенди билдирбейт.
Анын иштөө механизми мындай. Мисалы, банк 10 млн сомго ипотека берет дагы дароо эле ушул суммага ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарат. Баалуу кагазды алган инвестор банкка коротулган сумманы кайтарып берет, аны болсо башка адамга берсе болот. Ипотекалык баалуу кагаздарды саткандан кийин банк аны карыз киши берген каражаттын эсебинен жаба баштайт.
Финансылык салымдардын бул түрүү белгилүү анткени ал кыймылсыз мүлк менен камсыздалган. Алардын кирешеси мүлктүн баасынан көз каранды, анткени баа жыл сайын жогорулап турат.
Ипотекалык баалуу кагаздарды сатып алуу узак мөөнөттүү болуп саналат(10−20 жыл).
Батышта дал ушундай практика жайылган. Мисалы Орусияда инвесторлор аз убакытты каалашат, 3–5 жыл. Кыргызстанда рынок кандай болорун убакыт көрсөтөт. Баары өлкөдөгү стабилдүүлүктөн көз каранды. Анткени баалуу кагаздар алтын же кыймылсыз мүлк менен камсыздалса ал ишенимдүү аманат болуп саналат. Теориялык жактан алганда кардарлар пайда болот, чет өлкөлүктөр дагы болушу толук мүмкүн. Андан сырткары башка факторлор дагы бар.
Мисалы Орусияда мындай кагаздарды чыгарууда бирдиктүү кадам жок. Банктар ипотекалык насыя берүү үчүн жетиштүү каражаттарга ээ ошондуктан баалуу кагаздарды чыгарууну көп деле каалашпайт. Америкалык рынокту ала турган болсок ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу муоунтан эле бар. Азыркыга чейин фонддук рынокто ипотекалык сертификаттар жана облигациялар көп үлүштү ээлейт. Бул болбогондо Америка кризистен өтө албайт болчу.
Ипотекалык баалуу кагаздардын өзгөчөлүгү:
Ипотекалык баалуу кагаздардын негизги карызы айына бир жолу төлөнүп турат.
Карыз алуучу ипотеканы мөөнөтүнөн мурда жапкысы келсе төлөм мөөнөтү жана төлөнө турган сумманын көлөмү өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде насыя берилген мөөнөттөн мурун жабылса, анда банк тез арада инвестор алган кагаз боюнча карызын төлөп бүтөт.
Ипотекалык баалуу кагаздардын баасы жогору болгондуктан көп айлантууга чыкпайт.
Ипотекалык баалуу кагаздар ишенимдүү анткени кепилдик компаниялар, пенсиялык фонддор жана мамлекет аркылуу сатылып алынат.
Киреше ипотекалык үстөк пайыздан көз каранды. Андан насыяны тейлөөгө, башкаруучуга, депозитке кеткен чыгымдар алынып салынат. Ал банктардагы салымдардан жана мамлекеттик баалуу кагаздардан кирешени көп алып келет.
Ипотекалык баалуу кагаздардын кирешелери:
Ал ипотекалык насыянын үстөгүнөн көз каранды. Мисалы, эгерде ставка 15%, болсо анда киреше 9–10% болушу ыктымал. Ортодогу айырма агенттердин, депозиттердин чыгымдарына кетет.
Ставка төмөндөгөндө киреше дагы азайышы ыктымал. Анткени карыз алуучулар башка насыя алышат дагы карызын тезинен жабышат. Ипотекалык карызды мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда банк дагы чыгарылган облигацияны батыраак жапканга аракет кылат, бул болсо инвестордун кирешесин азайтат.
Макалада төмөнкү сайттын материалдары колдонулду:
http://investor100.ru/ipotechnye-cennye-bumagi/)