Жергиликтүү дыйкандар көптөгөн өнүмдөрүн алып келишти. Бул жер-жемиштер, жашылчалар, бал, ширелер, варенье, джемдер, кактар, консервалар.
8 айылдын ичинен алтоо чек арага жакын жайгашкан, ал жактарда 112 миң киши жашайт. Алар негизинен айыл-чарбасы менен алек болушуп, жер иштетишет.
Ар бир айылда жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер өстүрүлөт. Райондук алмалары жана кара өрүктөрү жогору бааланат. Бул жакта аба ырайы ысык болгондуктан алмалар жана кара өрүктөр өтө даамдуу келип, чет жактагылардын дагы жакшы баасына татыган. Кара өрүктүн «Венгерка» сорту жана алмалар Бишкекке жана чет жакка жөнөтүлүшү үчүн аны жүктөп жатышканына күбө болдум.
Өрүктү айылынын тургуну Бактыгүл Кочкорбаева жарманкеге кара өрүгүн алып келген. Бир дагы курту жок, таттуу жана чоң-чоң кара өрүктөр көргөн кишинин көзүн кубантат.
Учурда анын туулуп өскөн айылында адамдар муну түшүнө башташты жана кооперативдерди түзүшүүдө, биргеликте шире, джем чыгаруу менен алектенип келишет. Абрикостон, малинадан, кулпунайдан, кара өрүктөн, алмадан, алчадан жасалган вареньелер бар. Бир күндө кооперативдин мүчөлөрү үч литрлик банка менен 50 банка шире чыгара алышат. Ошондо дагы кайра иштетүүгө мөмөлөр ашып калат. Себеби идиштин жоктугунан жана сок сыгуучу бир эле жабдуу бар жана анын да эскилиги жетип бүткөн.
Айыл тургуну Жумабай уулу Мирмалынын айтымында, кооператив айына 600 үч литрлик банка сок чыгара алат, бирок учурда болгону 150 даана банка шире чыгарышууда.
Ал эми алыста жайгашкан Көк-Серек айылынын тургундарында болсо өнүмдү сатуу маселе жаратып келет. Бактыгүл Ташболотованын айтымында, айыл тургундарынын огороддорунда малина өсөт. Ар бир сезон сайын айылдыктар 2 миң литр малина вареньесин даярдашат, бул өнүмдү Бишкектен келгендер дүңүнөн сатып алышат, ошондой эле ал жергиликтүү рыноктордо сатылат.
Жалпысынан мындай пикирлер көп. Жыйынтык бирөө: эгерде агроөнүмдү чыгарган чакан компаниялар бириксе агробизнестен көп эффект болуп, көп өнүм чыгарылат.
“Кайра иштетүү – бул өнүмгө дагы баа кошот. Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 15-сентябрдан тарта алмаларды жана кара өрүктү кургатуучу ишкана ачылууда. Кийинки жылы 300 тонна мөмө кургатылат деген ишенимдебиз”,-деди Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаев.
Жергиликтүү ишкер Айжигит Булатов донорлор өткөргөн сынакта муздаткыч, данегинен ажыратуучу, кара өрүктү кесүүчү жабдууларды утуп алган. Ал өз каражатына карабай калган имаратты оңдоп алган. Ал келерки жылга бир катар жакшы пландарды койгон.
Бул заманбап кайра иштетүүчү пункттун жардамы менен райондо убактылуу жумушка тартылгандарды эске албаганда 10 жумушчу орун түзүлгөн.
Убакыттын өтүшү менен Айжигит Булатов кактардын түрүн көбөйтүүнү пландоодо. Азырынча анын өнүмүн Орусиядан келген өнөктөштөрү алып кетет, ал эми ишке болсо айыл өкмөтүнөн маалым кат гана алып берет. Анда бул мөмө кайда өстүрүлгөнү сорту кайсы экени жазылат. Ал эми чек арадан өткөрүүчү башка документтер анын “башын да оорутпайт”. Баса, бул кургатуучу цех экспорттоо үчүн бардык санитардык-гигиеналык нормаларга жооп берген райондогу алгачкы цехтердин бири.
“Бул убакытка чейин сатып алуучулар кактар начар кургатылганын айтып, наарзы болушчу. Алар кактар курттап кетип жатканын билдиришкен. Азыр болсо эч ким нааразы эмес”,-дейт ишкер.
Өрүктү айылынын тургуну Айжамал Нишанова күнөскана иштетет.
“Күнөсканага 1 метр бийиктиктеги топурак төгүлгөн. Бул кышында дагы жемиш өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бизде кыш катуу болот. Учурда мен помидор, сарымсак, райхон, укроп өстүрдүм. Жалпы 770 даана көчөт отургуздум. Түшүм 3500 килограммды түздү, аны мен жергиликтүү базарга сатам”,-деди ал.
Күнөскананын ээси Батырбек Кочкорбаев өсүмдүктөрдү өстүрүп, аларды кургатуу жана сатуу айылдыктардын жашоосун жакшыртмак деген пикирде. Ошондой эле айылдын активдүү өнүгүүсү үчүн жаштарды тартуу керек.