“10 жылга созулган глобалдуу кризистен кийинки дүйнөлүк экономикадагы абал чындыгында болуп жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү жашыруун кылууда”.
Бүткүл дүйнөлү экономикалык форумдун эксперттери билдиргендей (Давос форуму) 2018-жылга карата глобалдуу коркунучтар тууралуу жаңы отчетто фонд рынокторундагы көрсөткүчтөр, өндүрүмдүүлүк өтө алсыз болуп жатканы жана инвестияциялар токтоп турганы жазылат. Көптөгөн өлкөлөрдөгү реалдуу кирешенин жогорулабай бир калыпта туруусу социалдык жага саясий туруктуулукка сокку уруп, саясатчылар жана бизнес соккуларга даяр эместигин көрсөткөнүн Давос форумунун аналитиктери билдирди.
Экономикалык тобокелчиликтерди эки категорияга бөлсө болот. Биринчи – бул “тааныш” коркунучтар. Активдерге болгон баалар туруктуу эмес, демек кризистен сабак ала алган жокпуз.
АКШдагы рыноктук көрсөткүчтөр тарыхта болгону 2 жолу гана азыркыдан жогору болгон: 1929-жылы жана 2000-жылы. Дүйнөдө терс кирешеси менен 9 трлн доллар облигациялар сатылууда – башкача айтканда инвесторлор эмитенттерге жогорку тобокелдик каржы куралдарын сактап укугу үчүн акы төлөөдө.
Башка салттуу тобокелчиликтердин ичине карыздар кирет, атап айтканда финансылык эмес сектордун карызы (2016-жылы — $135 трлн, 2007-жылы — $80 трлн). Ошондой эле экономикалык тобокелчиликтин экинчи тиби – борбордук банктардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүсү. Мурда жөнгө салуучулар проценттик чен төмөндөсө реакция кылышчу, азыр болсо пайыздык чен ансыз деле төмөн жана мүмкүнчүлүктөр азайды.
Дагы бир тобокелчилик технология тармагынан көптү үмүттөнүүдөн улам болушу ыктымал.
Келечек тууралуу ойлор менен
Давос форуму Швейцарияда 23-январда башталат, анын темасы “бириндеген дүйнөдө бирдиктүү келечек түзүү” деп аталат. Форумду уюштуруучулардын пикиринде, глобалдаштыруу учурда курч кризиске туш болду: согуш бүткөндөн кийин ондогон жылдар өткөн соң дүйнөдө «геостратегиялык жаракалар» кетти. Натыйжада саясий, экономикалык жана социалдык тармакка терс таасир тийүүдө.
ВЭФтин уюштуруучулары глобалдуу дүйнөнүн кыйрап баратканына көңүл бурдура албаса дагы, дүйнөлүк лидерлерди туруктуу, гүлдөп өскөн келечек иштеп чыгууга чакырууну максат кылышкан.
“Рублдун курсунун туруктуу болбогондугунун эсебинен жана санкциялар таасир берип жаткандыктан Орусияга тышкы факторлордун таасир берүүсү көп деле болбойт. Негизги коркунуч – бул экономиканын түзүмдүк көйгөйлөрү. Реформа тууралуу көп айтылганы менен ал кандай болору азыр белгисиз”,-деди Жогорку экономикалык мектепти өнүктүрүү борборунун эксперти Сергей Пухов.
Дипломатиядагы интернационализм
ВЭФ эксперттери дүйнөлүк дипломатияда көп концептуалдуу дүйнөнү түзүү керек жеп санашат.
Докладдын авторлору дүйнөлүк саясатта абалдын курчуп кетүүсүнө 4 негизги себеп бар деп санашат. Биринчиден, улутчулдук маанайдын өсүүсү, бийлик мамлекеттик кызыкчылыкты жогору койгону. Жеке адамдардын кызыкчылыгын басмырлоодон сырткары өлкөлөр аралык конфликттер терс жыйынтык берет, бир өлкөнүн экинчи өлкөнүн ишине кийлигишүүсү дагы кооптуу болуп саналат.
Эмне болот жана эмне маанилүү
2018-жылдагы коркунучтар аба-ырайына байланыштуу болот жана кибератака дагы бир топ коркунуч жаратат деп санашат ВЭФ эксперттери. Былтыр эле мажбур болгон масштабдуу миграция топ-3кө кирсе, быйыл ал топ-5те дагы жок.
Эң башкы коркунуч докладчылардын пикиринде, массалык түрдө куралдан кырылуу жана жаратылышка байланышкан өзгөчө кырдаалдар.
Улуу державалардын ортосунда кыпчылып калган өлкөлөрдүн абалы начарлайт. Дүйнөлүк негизги оюнчулардын бири-бирине болгон ишеними азаят.
Антон Фейнберг, Георгий Макаренко. РБК