Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттоодо. Бул тенденция ачык байкалбаса да бир-эки сомго баасы көтөрүлгөн. Муну эксперттер Орусияда рублдин куну түшүп жатканына байланыштырып, ортомчу компаниялар бааны жогорулатууда.
Кыргызстанга апрель айына карата 70 миң тонна күйүүчү май алып кирүү пландалган. Ушундай эле көлөм март айында да ташылган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү май менен дыйкандар толук камсыз болду.
–Күйүүчү майдын баасы аймактарга жараша 42–45сомго чейин болуп жатат. Азыр Орусияда рулбдин куну түшүп кетиши биздин нефтерейдерлерге зыянын тийгизбейт. Тескерисинче баа минумум ушул бойдон сакталып турат. Болбосо арзандашы мүмкүн.
Азырынча күйүүчү майды дыйкандарга жеткирүү туруктуу эле. Бирок баанын өсүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.