Июнь айында күйүүчү жана майлоочу май дагы кымбаттай турганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, май айында күйүүчү майдын дүң баасы 10 пайызга, июнда 2–4 пайызга чейин көтөрүлгөн. Ал эми жыл башынан бери 22 пайызга жогорулады.
«Чекене сатыктагы бензин кымбаттаган жок. Бул айда баа дагы жогорулайт, канчага чейин чыгарын божомолдоо кыйын. Анткени ар бир компаниянын сатып алуу жана жеткирүү боюнча өз келишимдери бар», — деди Кулов.
Июнда бензин менен автогаздын баасы 1 сомго кымбаттады, дизель майы 0,5 пайызга жогорулаган. Учурда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46 сом, АИ-92 бензини 43,3 сом, дизель майы 44,5 сом болсо, автогаз 22 сомдон сатылууда.
Күйүүчү жана майлоочу май бир нече себептен улам кымбаттаган. Алардын бири Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдору оңдоо иштеринен улам токтогон. Андан сырткары, нефтинин дүйнөдөгү баасы көтөрүлүп кеткен.