28-июнь, саат 18:00гө карата Brent маркасындагы нефтинин баррели 46−47$ болууда. Бир жума мурун баалар 44,5 долларга төмөндөгөн, ошол эле учурда бир ай мурун 51–52 долларга чейин жеткен учурлар болгон. Бул жылдын башынан бери эң жогорку баа баррелине 58 доллардан ашкан. Бул баа январь айынын алгачкы күндөрү катталган.
Божомолдорго ылайык, нефтинин баасы 30 долларга чейин төмөндөшү мүмкүн. Дал ушундай көрсөткүч тууралуу Facts Global Energy (FGE) консалтинг компаниясы дагы айтууда: бул жылы баррелине болгон баа 40 болушу күтүлүп жатканын кесиптештер айтышууда.
Бул абалга нефтинин талап кылынгандан көп өндүрүлүшү себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле абалга нефтини экспорт кылган өлколөрдүн уюму да таасир бериши ыктымал.
Эксперт Наталья Мильчакованын пикиринде, бул жылы нефтинин баррели 30 долларга чейин арзандабайт. “Нефтини колдонуучу негизги өлкөлөр кризистен чыгышты, нефтиге болгон талап өсүүдө”,-дейт Н. Мильчакова.
Нефти рыногуна эки негизги фактор таасир берет: АКШдагы нефтинин коммерциялык кору жана АКШда активдүү казуулардын саны. Дал ушул АКШ бааларга таасир берет.
Нефтинин баррели 60–80 долларга чыгат деген маалыматтар бар. Аналитиктер мындай баа көпкө кармаларын айтып келишет. Баалардын төмөндөгөнүнө байланыштуу инвестициянын азаюусу болуп жаткандыктан 2018-жылдын акырына карата баага бул факторлор таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда кара ресурска болгон талап өсүүдө. 2015-жылы өсүү суткасына 1,9 млн баррелди түзсө, 2016-жылы 1,4 млн баррель болгон. 2017–2018-жылдары суткасына баррелдин өсүүсү 1,3 млн болору күтүлүүдө.
“Нефть беш жылга жетпей эле 80 долларга чейин кымбаттоосу мүмкүн”,-дейт Наталья Мильчакова.
“Орусияга нефтегаз боюнча жаңы технологияларды сатууга тыюу салынганы бул өлкө георазведкага аз акча бөлөрүнөн кабар берет. Бул болсо кен казуучу аймактар аз болуп, баанын жогорулоосуна алып келет”,-деди ал.
Бул нефтинин дүйнөлүк корунун азайганына байланыштуу болушу да мүмкүн.
Нефтиге болгон баанын төмөндөгөнүнө байланыштуу АКШ аны казууну азайтышы мүмкүн.
2016-жылдын декабрында кол коюлган ОПЕК+ макулдашуусунун алкагында нефтини казууга чек коюлат. Бул сунуштун аз болушун камсыз кылып, рынокто баланс жаратат. Баррелтне 50 доллар деген баа кайра коюлуусу ыктымал.
Баса, июнь айында дүйнөлүк нефть рыногу өзүнүн күнүн “белгилеши” мүмкүн – үч жыл мурун кара алтындын баасы төмөндөп баштаган. 2014-жылдын июнь айында баанын эң жогорку чеги коюлуп баррелине 115 доллар болгон.