• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Күн тартибинде – уран мурасы

img_5060

👁 2,378

Учурда аны улуу мурас деп да атап келишет.

Бул жөн жерден эмес. Уран химиялык элемент, аны 1789-жылы химик Мартин Клапрот ачкан. 1825-жылдан тарта уранды боек алуу үчүн казып алып башташса, 40-жылдардын башынан тарта уранды башка максатта ядролук куралдарды жасаш үчүн казып башташкан. Анын артынан эле атом электростанцияларын куруу иштери башталган. Жалпысынан алганда дүйнөдө уранды казуу төмөнкүчө болгон: колдонуу, геологиялык запастар жана аларды колдонуу, убагында жок кылуу. Борбордук Азия дагы четте турган эмес.

Уранды казып алышты – калдык сактоочу жайлар калып калды

Кыргызстанда алгачкы жолу уранды XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Фергана өрөөнүндөгү Алай тоо кыркаларынан табышкан. 1907–1013-жылдар аралыгында Туя-Муюн деп аталган жерде (Кыргызстандын аймагы) Фергана акционердик коому тарабынан аз кездешкен металлдар казылып баштаган. Металлдарды казуу кен казуучу жайда 1923-жылы жанданган, бирок 1954-жылга карата анын кору түгөнгөн дагы кен казуучу жайды жаап коюшкан.

Мындай тагдыр башка кен казуучу жайларды дагы күтүп турган. Алардын “орточо жашоосу” 8–22 жыл болгон, аны менен катар эле гидрометаллургиялык ишканалар да жабылып кала берген. Кен казуучу жайлардын бир бөлүгү 1950-жылдары, калганы 1960-жылдары жабылган. Борбор Азиядагы калдык сактоочу жайлар 1966–1973-жылдары жабылганы менен азыркыга чейин коркунуч жаратып келет: радиациялык басым аймактагы жергиликтүү тургундардын жашоосуна коркунуч туудуруп келет.

Камаарабастык

Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр-жай калдыктары боюнча мамлекеттик кадастрына ылайык, өлкөнүн аймагында радиоактивдүү калдыктары бар 92 жай жайгашкан. Учурда ӨКМнын карамагында 33 калдык сактоочу жай жана 25 тоо-кен калдыктары 11,9 млн м кубду түзөт. Анын ичинен 6,2 млн м кубу радиоактивдүү болсо, 5,7 млн м кубу уулуу. “Республикадагы ири уран калдыктары бар жайлардын бештигине Майлуу-Сай, Орловка, Мин-Куш, Кажы-Сай, Ак-Түз кирет”,-деди ӨКМнын маалымат катчысы АзаматМамбетов.

“СССР кулагандан кийин көптөгөн коргонуучу жайлар каралбай калып, коркунучтуу жаратылыш процесстерине туш болуп, авариялык абалга келген. Экологдор дайыма коңгуроо кагып келгени менен 10 млн калкы бар Фергана өрөөнүндөгү кооптуу жайларга мамлекет акыркы 10 жылда гана көңүл буруп баштаган. Бул максатта жыл сайын бюджеттен 15–20 млн сом бөлүнүп келген ($200–250 миң) бирок бул өтө аз сумма. Убакыттан уттурдук, учурда уран калдыктарын сактоочу жайларда иш алпаруу үчүн көп каражат керек ”,-деди Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов.

Көйгөйлөрдү улуттук деңгээлде чечүү

“Республикада ар бир жарандын коопсуз жашоого жана экологиялык тазалыкка укугу бар экени тууралуу дайыма айтылып келет. Чындыгында эле айлана-чөйрөнү коргоо баардык стратегиялык документтерде эң башкы орунда. Бирок бюджеттин тартыштыгынан улам өкмөт өз учурунда экологиялык коркунуч очокторуна тиешелүү көңүл бура албай калган”,-деди Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова.

“Тоо-кен калдыктары, калдык сактоочу жайлар – СССРден калган кооптуу мурас, ал калктын саламаттыгына коркунуч жаратып келет”,- деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиктин директорунун орун басары Асель Сейтказиеванын айтымында, учурда республикада кооптуу жайларды рекультивация кылуу жолуна түштү:

1) “Жол картасы ”кабыл алынды, анда кызыккан өлкөлөрдү Эл аралык донорлор форумуна бекитүү кадамдары жазылган;

2) эксперттер, өкмөт түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын (Атом уюмдары боюнча эл аралык агенттик, ОБСЕ, ПРООН, Дүйнөлүк банк) өкүлдөрү жана жарандык коом биргеликте документ иштеп чыгышкан. Анда радиациялык калдыктарды улуттук башкаруунун анализи, уран калдыктарын сактоочу жайлардын абалы жана анын адамдардын ден-соолугуна, жаратылышка тийгизген таасири тууралуу жазылган;

3) Кыргыз Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан демилгеленип, уран калдыктарына байланышкан маселелерди чечүү демилгелери иштелип чыккан.

Алардын ичинен:

А) Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси, ПРООНдун колдоосу менен 2009-жылы Женевада “Борбордук Азиядагы уран калдыктары: жергиликтүү көйгөйлөр, аймактагы абалдар, глобалдуу чечим” деп аталган эл аралык форум болгон. Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан барган делегациялар, БУУ жана ЕврАзЭС агенттиктери биргелешкен декларация кабыл алышкан. Ал радиоактивдүү жайлардагы коркунучтарга биргеликте каршы турууга чакырат;

Б) 2012-жылы Бишкекте “Борбордук Азиядагы уран калдыктары: коркунучту азайтуу үчүн биргеликте иш алпаруу” деп аталган эл аралык конференция болгон. Анын жүрүшүндө төмөнкү сунуштар иштелип чыккан:

а) Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жана донорлордун эң биринчи кезекте жасай турган иштери;

б) калдык сактоочу жайларга жакын жайгашкан калктуу конуштар боюнча социалдык-экономикалык, гуманитардык долбоорлорду иштеп чыгуу;

в) Калдык сактоочу жайлардын көйгөйү боюнча өнөктөш болууга кызыкдар жактарды тартуу.

4)Биздин республиканын демилгеси менен 2013-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Борбордук Азиядагы уран калдыктары боюнча резолюция кабыл алынган. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев ошол маалда жыйын учурунда аны жаңылоо уран калдык сактоочу жайларын рекультивациялоо боюнча комплекстүү иш-аракеттерине өтүүгө көмөкчү болорун билдирген.

Практикалык кадамдар

“РосАтом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Анатолий Григорьев: “2009-жылы Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) резолюцияларында калдык сактоочу жайлар тууралуу дайыма эскерилип турат. Ал эми 2012-жылдын 20-сентябрында жаңы резолюция кабыл алынгандан тарта МАГАТЭ катчылыгы рекультивация боюнча эл аралык коомчулук биргеликте иш алпармай болду. Натыйжада ал мурунку уран өндүргөн мекемелер боюнча координациялык топ түзүү демилгеленген. Анда жыл сайын алфавиттик негизде өлкөнү тандап алышат дагы ага мамлекет төрагалык кылат”-деди.

Учурда ЕврАзЭС, ЕБ, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, МАГАТЭ жана ПРООН менен техникалык жыйындар өтүп, Табошар (Тажикстан) жана Мин-Куш (Кыргызстан) уран калдыктары бар жайларда жүргүзүлчү иш принциптери аныкталды. Мин-Куш («Туюк-Суу») жана Майлы-Сайдагы калдык сактоочу жайларды изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдалып, аларды ремедиациялоо планын иштеп чыгуу белгиленген. Ошондой эле “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайларын көчүрүү боюнча көз карандысыз экспертизанын отчету даярдалды.

Калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо программасынын биринчи этабы (2013−2016) аягына чыкты. Учурда экинчи этабы башталды (2017−2023), анда Мин-Кушта жана Кажы-Сайда калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо үчүн курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүшөт.

“РосАтом” мамлекеттик корпорациясынын эл аралык программаларды жана долбоорлорду башкаруу мамлекеттик корпорациясы башкармалыгынын жетекчиси Владимир Поцяпун билдиргендей, эксперттердин пикиринен кийин, талкуудан соң Борбор Азиядагы уран калдыктары бар деп саналган жерлердеги мекемелерди оңдоо боюнча мастер-план иштеп чыгышкан. Ал өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

–рекультивация ишине комплекстүү, системдүү жана эффективдүү кадам таштоо;

–республикалардын жана донорлордун ортосундагы ишенимди камсыз кылуу;

–аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу;

–коопсуздукту болушунча төмөндөтүү.

Кыргызстанда бул мастер-план 2017-жылдын 18-сентябрында өкмөт тарабынан жактырылып, аны КМШнын Экономикалык кеңеши бекиткен.

Өкмөттөр аралык кызматташтык

МАГАТЭнин ядролук коопсуздук департаментинин эксплуатациядан чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Джон Роват билдиргендей, мастер-планга Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын имараттары кирген. Документ тарыхый маалыматтардан турат, анда имараттардын абалы, өлкөлөрдө ишке ашырылган долбоорлор, эксперттик баалар жана керек болчу каражаттар жазылган. Пландын негизги максаты – потенциалдык донорлорду тартуу.

Евробиримдик Борбор Азиядагы радиоактивдүү жайлардагы калктын жана жаратылыштын коопсуздугун сактоо үчүн Ядролук коопсуздук фондун түзгөн, ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы болсо аймак үчүн экологиялык реабилитация эсебин түзгөн. Фонд ядролук коопсуздук боюнча кызматташтык инструменти тарабынан каржыланат.

Европарламенттин депутаты Мишель Риваси белгилегендей, Борбор Азиядагы калдыктарды сактоочу жайларды рекультивация кылуу үчүн Европа 16 млн евро бөлгөн, бирок дагы 70 млн керек. “Мен эл аралык коомчулукту биригүүгө чакырам, ошондо гана биз уран калдыктары бар жайлардагы жашоону жакшырта алабыз”,-деди ал.

БУУнун жаңы резолюциясы керек

Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, аймактагы айрым ири калдык сактоочу жайлар сууларга жакын жайгашкан. “Бул Борбор Азия аймагындагы суу бассейнинин негизи. Эгерде калдык сактоочу жайларда авария боло турган болсо, анда суулар уулуу заттар менен булганып, масштабдуу экологиялык коркунучка алып келет. 2013-жылы БУУ экологиялык коопсуздук маселелерин кыска мөөнөттө чечүү боюнча резолюция кабыл алган. Учурда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү талкуулоо керек, аны менен катар эле уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоого багытталган жаңы резолюция кабыл алуу керек”,- деди ал.

Ирина БАЙРАМУКОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости