Кыргызстандыктар үчүн күн панелдеринин баасы жеткиликтүү болот. Бул коңшулар өлкөдөгү күн жабдууларынын кубаттуулугун 8–10 ГВтка жогорулатууга жана монокристаллдык күн панелдерин көп өндүрүүсүнө байланыштуу болот.
Аларды негизинен космикалык индустрияда пайдаланышат. Кытай кеңири колдонулган өнүмдөрдүн бааларын төмөндөтүү боюнча сөз берүүдө.
Монокристаллдык күн панелдери рынокто көптөн бери эле бар, бирок күн энергиясын пайдаланууну колдонуучулар арасында кеңири жайылта алышкан жок. Көпчүлүк учурда монокристаллдык структураларды колдонуу спунтниктерди өндүрүүдө колдонулуп келет.
Эффективдүүлгү жагынан поликристаллдык панелдер жакшыраак. Фраунгофердин (Германия) күн энергетикалык системалары боюнча институтунун инженерлери монопанелдердин КПДсын 26,7%га жогорулатылды. Поликристаллдык модулдардын көрсөткүчтөрү болгону 21,9%ды түзгөн.
Бул технологиялар менен күн панелдерин өндүрүүчүлөр арзан баадагы эффективдүү панелдерди өндүрө алышат. Кытайда өндүрүлгөн монокристаллдык модулдар баасы менен поликристаллдык менен барабар болуп келет. Биринчисинин ватты $0,319 болсо, экинчисиники — $0,225.
Кытайдын дагы бир артыкчылыгы бар – мамлекеттик колдоо. Күн энергиясын өнүктүрүү Top Runner программасы КДП фотоэлементтерди жогорулатууга багытталган долбоорлорго басым жасап келет.
Бул Кытайга рыноктун көп бөлүгүн ээлөөгө мүмкүнчүлүк ачат. Учурда дүйнөдөгү күн модулунун 80%ы Кытайда чыгарылат.
“Поликристаллдык модулдар чегине жетти. Эми биз монокристаллдык фотоэлементтерди инвестиция кылып жатабыз. Алардын үлүшү рыноктун 50%ын түзөт”,-деди Кытайдын күн батареяларын чыгаруучу LONGi Green Energy Technology компаниясынын сапаттарды текшерүү боюнча директору Си Циянь.
Монокристаллдык модулдар күн энергетикасы технологиясынын өнүгүүсүнүн бир этабы. Келерки баскыч көпкө чейин иштөөчү жогорку эффективдүү модулдарды түзүү тапшырмасы турат.