• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Көнүү керек.

cat-778315_960_720-880x589

👁 1,155

Жыл сайын биринчи кварталдан баштап азык-түлүккө болгон баа жогорулай баштайт.

Баа кардарларга билинбестен акырындан өсуп жатат, бирок бул нерсе күтүүсүз же байкоосуздан болуп жаткан жери жок.

Мындан жаңылык жасап кереги жок. Кышкысын азыктардын калганын кийинки сезонго чейин сатышарын баары эле билет. Ишкерлерге бааны кармап туруу пайдалуу жана алар ортодогу айырмачылыктан киреше табышат.

Бугүнкү күнү бул айырмачылык 2% болуп кармалып турууда. Азык-тулүккө жана алкоголсуз өнүмгө болгон баалар дал ушунча пайызга өсүп жатат.

Жазында баалар бир топ жогорулап, апрель жана май айыларында туу чокуга жетет. Бирок ишкерлер азыктын сапаты начарлаганына карабастан бааны кармап турушат дагы, жаңы сезондо чыккан түшүмдөрдүн баасы дагы өтө жогору болот.

Бул баалар августка чейин кармалып, түшүмдөр бышкан убакта азык-түлүккө болгон баа турукташат.

Баанын жогорулашынан негизинен шаардыктар жабыркашат, аларда өз бакчасы жок жана жер айдашпайт. Айылдыктар болсо жер тилкелери бар болгондуктан жана мал кармашканджыктан баанын жогорулаганын көп деле сезе беришпейт.

ЭКОНОМИКАны жакырчылык менен күрөшөбүз деген эл аралык уюмдардын бул категорияга айылдын жашоочуларын кошкону таң калтырат. Бизге мындай позиция түшүнүксүз. Бул жерде идеологиялык маселе бар. Коомчулукка ал жакыр жашагандыгын таңуулап коет дагы, бул болсо коомдук-саясий чечимдин жеке кызыкчылыгы үчүн керек.

Бирок биздин максат саясат менен алек болбой, биздин окурмандарга алар жакыр эмес экенин жана аларга качан грант берилерин күтпөстөн өз жашоолорун улантышы керектигин түшүндүрүү. Бул жөнөкөй жарандарды жеңил келген акчага көндүрүп жатат.

Туура алар силерди бул акчага сатып алганда эмнеге аны кайтармак элеңер?!

Ооба, таң калбагыла. Силерге грант берсе же бир долбоорду утуп алсаңар силер аны өкмөттү жамандоо менен толөп бересиңер.

Эл аралык уюмдар карапайым калк үчүн көп нерсени жасап, өкмөт эч нерсе жасабай эле, карапайым калкы менен башы оорубайт деген салыштыруу пайда болот.

Бул саясат жана жөнөкөй дыйкандарга аларды башкарып турган жиптер көрүнбөйт.

Мамлекети тууралуу ойлобогон Президентти кайдан көрдүңөр эле?
Ал өзүнүн жаман максаттарын ишке ашыруу үчүн гана келди деп ойлойсуңарбы?

Мисалы, министрлер дагы бул мамлекеттин жарандары жана алар жагы кризиске туш болуп жүрүшөт. Көбүнүн эле бизнеси жана жери бар эмес. Балким биринчи караган кишиге бул бийликтегилердин баары алдым-жуттумдай көрүнөт. Бул мындай эмес. Чынында эле өз ишин мыкты билген адистер бар.

Маселенин баары системанын жакшы иштелип чыкпаганынанулам келип чыгат жана алардын кылган иши байкалбай кала берет.

Бул макаланын максаты аткминерлерди актоо эмес.

Бирок биз маселеге башкача көз караш менен карайбыз дагы, айрымдар үчүн бийликтин жана элдин ортосундагы абалды курчутуу жана өлкөдө өзгөртүү жүргүзүү пайдалуу.

Ошентип баанын өсүшүнүн башталышы менен биз базардагы баа менен катар эл аралык уюмдардын дагы алкымы кеңейип бара жатканын түшүндүк.

Баалардын жогорулашы сыяктуу нерселерге көнүү керек.

Анын үстүнө буга мурунтадан даярдануу зарыл.

Ширин Жумадилова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости