Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында башталган коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестик, саясий кызыкчылыктар бул маселенин келип чыгуусуна түрткү берди.
Казакстан Кыргызстанга көмүр ташууну чектөөдө, натыйжада республикада баа жогорулоодо. Бул кыргыз тараптын билдирүүсү.
Коңушлар эмне дейт?
Ал эми коңшулар болсо тескерисинче маалымат беришүүдө. Жергиликтүү ММКлар кыргыз тарап казак көмүрүн импорттоого чектөө киргизгенин жазууда.
“Кийинки жылы биз көмүрдүн баасы боюнча жакшы даярдыктарды көрүүбүз керек. Биз азыр тендердеги арызда «Б» маркасындагы кыргыз көмүрү керек деп жазып жатсак, эмдиги жылы маркасын гана көрсөтүүбүз зарыл”,-деди А. Калиев.
Өз кезегинде премьер-министр Сапар Исаков республика боюнча көмүр менен ички рынокту камсыз кылуу керектигин билдирди.
Колдон келеби?
“Казакстан Кыргызстанга көмүрдү экспорт кылбасын деген эч кандай документ жок. Тиешелүү органдар бул чектөөлөрдү вагондордун жетишсиздиги жана өз өлкөлөрүндө көмүргө болгон талаптын жогорулугу менен түшүндүрүүдө. Учурда Казакстандагы мунайды иштетүүчү 2–3 завод жабык, мунай, бензин тартыш болууда, ошондуктан көмүр колдонгондордун саны жогорулоодо”,-деди Экономика министрлигинин өкүлү Жумалиев.
Бирок!
“Көмүргө болгон баа жогорулашы ыктымал. Учурда баа 15% өскөн. Кыргыз тарап Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”,-деди Жумалиев.
Мекеме чек арадагы көйгөйдөн улам жана казак бийлиги көмүрдү экспорттоого тыюу салгандыктан Кыргызстанда отунга болгон баалар жогорулаганын билдирди. Бул маалымат чындыкка жакын! Себеби биздин өлкөгө экспорттоого тыюу салынганы боюнча расмий маалымат бар.
Коңшулардын берген маалыматына кайрылсак.
Экономикалык планда Казакстан көмүрдү экспорттоодон көп деле утушка ээ болгон эмес: акчалай алсак экспорт болгону 4,2% же 8,03 млн доллардан 8,37 миллион долларга гана өскөн. 2016-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга ташылган бир тонна көмүрдүн баасы 3 эсеге арзандаган: жалпысынан ресурстун экспорттук баасы 70% болгон.
Биз аларга керекпизби?
Казакстан бул жерден эч нерсе жоготпой эле. Алар Орусия, Финляндия, Украина менен соода кылууда утушка ээ болушат. Бул өлколөр аз колөмдө сатып алшканы менен, баасы жогору болот.
Баа маселесине келсек Швейцария жана Кипр эң жакшы вариант: бир тоннага болгон баа орточо эсеп менен рынок баасынан 3,5 эсеге жогору. Бул эки өлкө биригип Кыргызстан сатып алган колөмдөн дагы аз алышканы менен келишимдердин баасы 35,7 млн доллар болгон. Бул Финляндиядагыдан дагы көп.
Статистикага таянсак, Казакстан кыргыз рыногунан кеткени менен көп деле жоготууга учурабайт: башка багыттар бар.
Ошондуктан биздин энергетиктер бул факторлорго мурунтан эле көңүл буруусу керекэ эле.