КРнын экономика министрлиги аймактарды өнүктүрүү стратегиясын көптөн бери сунуштап келет. Кыргызстанда жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү пландоо, КРнын муниципалитеттеринин айрым долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тажрыйба бар.
Алар “Бирдиктүү терезе”, Кепилдик фонд, Бизнести колдоо борбору, Жер үлүшү тууралуу маалыматтар банкы ж.б. Былтыр болсо Экономика министрлиги аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү пландоонун жаңы ыкмасын киргизди.
Аймактарга күчтүү болууга эмне тоскоол болот?
Алгач “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамы тиешелүү аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү пунктунан башталарын эстеп көрөлү.
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү – бул ишкердүүлүктү жогорулатуунун жана жергиликтүү салык базасын кеңейтүүнүн жолу – деп билдирди КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштеринин эксперти Улара Нарусбаева, — баардык муниципалитеттерде муниципалдык менчиктер жана муниципалдык жерлер, жерди кайра бөлүштүрүү фонду сыяктуу материалдык баалуулуктар бар. Муниципалитеттин түзүлүшүнө жараша жергиликтүү экономика айырмаланып турушу мүмкүн, бирок ал жергиликтүү ресурстардын колдонулушуна жана аймактын атаандаштыкка таянуусу; жумуш орундарын көбөйтүүсү; жергиликтүү, жеке жана мамлекеттик кызыкдар тараптар менен макулдашууларды жүргүзүүсү керек”.
Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу конституциялык негизде түзүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу коомдогу конфликтти азайтууга таасирин тийгизе алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы болгон этникалык өкмөт кээ бир шаарларда курулса, башка аймактарда курула баштады. Бирок алардын бул тармакта иштөөгө көңүлү болуш үчүн ресурстар зарыл.
Мыйзамдык ресурс – кемчиликсиз мыйзамдык база, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кемчиликтерин мыйзамдуу түрдө жок кылуучу база. Ал үчүн баардык мыйзамды инвентаризациялоо керек.
Практикалык ресурс – иш орундарын сактап калууга жана жаңы иш орундарын түзүүгө таянган, ишкердүүлүктү алдыга жылдырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын финансылык жактан каржылоо. Кичи жана орто ишкердүүлүктү кеңейтүү жагымдуу шарттары бул ички жана тышкы рынокто муниципалитетти алдыга жылдыруучу, адамдык ресурстары бар коммуналдык инфраструктураны кеңейтүү.
Биздин кайгы – министрликтин тармактык программасы аларды жергиликтүү деңгээлде колдонууга багытталган эмес, элден алыстап кеткен. Өзгөчө бул социалдык программаларга жана ишкерликти өнүктүрүүдө байкалат. Бирок ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы каалаганын кыла берет деп түшүнбөө керек. Жергиликтүү тапшырмаларды мамлекет менен макулдашып алуу керек. Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү пландоонун мааниси дал ушунда. Бирок көпчүлүк учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү программаларын райондун администрациясына жиберишет. Ал жакта долбоорлор бөлүмдөр боюнча: билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, агро тармак деп бөлүнөт. Натыйжада районду өнүктүрүү планы инфраструктуралык мекемелерди жаңыртуу менен гана чектелип калат, башкача айтканда куруу, оңдоо сыяктуу”,-деди эксперт Асылбек Чекиров.
Пландоо сөз менен айтканга оңой. Бирок иш жүзүндө жергиликтүү коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгын бирдей алып кетүү оорчулук жаратат. Муниципалитеттерде экономика бөлүмү түзүлүп, эмерек, компьютер сатылып алынганы менен мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды иштин көзүн таба албай келишет! Башкача да болуп калат: аткаминерлер өзүн көп кыйнап, жаңы ишти баштагысы келбейт.
Өз муниципалитетин өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандай кыйынчылыктарга туш болот?
Жергиликтүү өнүктүрүү Институтунун анализи көрсөткөндөй, жеке секторду өнүктүрүү мамлекеттик программасы жергиликтүү ишкерлерге эч кандай жардам бербейт. Өнүктүрүү планын жазып жатканда Айыл өкмөттөрү алардын негизги көйгөйлөрү мамлекеттик программалардын чыныгы жашоо менен байланышынын аздыгын белгилеп келишет. Ошондой эле алар өз аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы толугу менен жазылбаганын же начар экенин белгилеп келишет.
“Баарын билет экенбиз, баардык көйгөйлөр менен таанышпыз, бирок жергиликтүү бюджеттин сметасын кантип туура түзө алабыз?”-дешет алар бир ооздон. Ошондой эле алар өкмөт аймактык бөлүмдөргө койгон тапшырма ашыкча жумуш экенин жана аз маяна алуу менен ал ишти аткаргылары келбей жатканын айтып келишет.
Көйгөйдү чечүү кайра эле ресурстун жетишсиздигине барып такалат, азыр болсо айлык акы аз. “ Канчалык чоң көлөмдөгү ишти жөнгө артып алып жүрүүгө туура келээрин элестете албайсынар! Кадимки агым, бирок аны да бирөө жасаш керек да! Мен үйгө кеч келем, айлык акым арзыбаган акча!” – деп даттанды Фрунзе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Бактыгүл Усупбекова.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана мамлекеттик органдарга канчалаган тапшырмаларды берүүгө болот экенин жашоо өзү көрсөтүп атат. Бирок жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын позициясын жана ролун жаңы форматта райондорду пландоо жана тармактык министрлер иштеп чыгуучу методиканы сектордук программасын башынан чечишип алуу керек. Баардык аткаминерлер сыяктуу, мамлекеттик администрация башчылары жана иштөө тайпалары регион жана министрлик деңгээлинде кошумча иш менен баш ооруткусу келбейт. Ишти экономика министрлигине үйүп коюшат.
Бул кырдаалда жакшы натыйжа күтүүгө болобу?
Мамлекеттик структура да, жергиликтүү бийлик да, мамлекет да утпайт. Эксперт Асылбек Чекиров аймактарды өнүктүрүүнүн туура жолуна кайтуу — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун күчү менен аймактарда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы методикасын пландоо керек экенине ишенет. Тренинг жана семинарларды гана өтүп коюу аздык кылат.
“ Бүгүнкү күндө тигил же бул көйгөйдү чечүүгө алардан маалымат алуу маанилүү, андан кийин жергиликтүү адистерди тартуу керек. Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан баардык келишимдерди бир топко чогултушат, андан соң анализдеп чыгышат да эффективдүү жолун сунуш кылышат. Бул борбордо көрүнбөгөн жергиликтүү көйгөйлөрдү эске алууга жардам берет. Ошо менен бирге жергиликтүү бийлик жергиликтүү өнүгүүнүн планын мамлекеттик салмакта иштеп чыга алат”.
Бул жылы Ак-Суу, Жети – Өгүз, Кочкор райондорунда 14 муниципалитет жаңы методика боюнча иштөөнүн биринчи этабында. Алар айыл аймактарды социалдык – экономикалык өнүгүү пландарына киришип жаңы арыздарды даярдоодо.
Жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаралган көйгөйлөрдү үч тармактуу чечүүнү сунушташты: ишкердикте, жайыттарды эффективдүү башкаруу жана калктын аялуу катмарын социалдык жактан камсыз кылуу. Адистер муниципалитеттерге ар дайым гранттарга, гуманитардык жардамдарга, кайрымдуулук иштерине ишенип отура бербестен, жергиликтүү өнүктүрүүнү пландоону үйрөнүүнү, бар ресурстарды эффективдүү колдонууну көрсөтүп жатышат.
Ирина Байрамукова