Дүйнөлүк көчмөндөр оюну – бул Кыргызстанда жаралган уникалдуу долбоор. Бул спорт жагынан жана маданият жагынан алганда дагы өзгөчө мааниге ээ иш-чара. Оюндардын негизин көчмөн элдердин салттары жана философия коштогон мелдештер түзөт. Мындай мелдештер мурда деле болуп келгени талашсыз, бирок, Көчмөндөр оюну – бул этномелдештерди жаңы деңгээлге чыгарган, аларды чындыгында эле масштабдуу кылып, кызыгууну арттырган иш-чара. Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Кыргызстанда 3-жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болот. Аны жылдын масштабдуу жана башкы окуясы деп аташууда.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында 2014-жылы, 9–14-сентябрь күндөрү болгон. Ага Азербайджан, Австрия, Афганистан, Беларусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстанда, Франция, Швеция, Түштүк Корея сыяктуу 19 өлкөдөн келген 583 спортчу катышкан.
Ат оюндарына 230 аргымак катышса, маданий программаны өткөрүүгө 1200 адам катышкан. 40 өлкөнүн 230 миллион аудиториясы бар ТВ каналдары бул мелдешти көрсөтүп турган.
Оюндардын ачылышындагы театралдаштырылган иш-чара көптөрдүн эсинде сакталуу. Анда көчмөн дүйнөнүн тарыхы бий менен көрсөтүлүп, жалын менен кошо ат жалында шамалдай ойногон жигиттер көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан. Спорт программалары менен катар эле Кырчын капчыгайында боз үй шаарчасы уюштурулуп, маданий этнокомплекс байыркы доорду чагылдырып турган. Ал жакка баш баккандар көчмөндөрдүн боз үйү кантип тигилерине күбө болушуп, унутта калган тамактардан ооз тийүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул башталышы гана болчу.
2016-жылдын 3–8-сентябрь күндөрү Чолпон-Атада өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну мурункусунан да кызыктуу болду. Ага дүйнөнүн 63 өлкөсүнөн келген миңден ашуун спортчу катышты. Мелдеш спорттун 23 түрү боюнча өттү. 10 миң орунга ылайыкташтырылган ат майданын кайрадан оңдоп чыгышты. Анын жанына спортчулар үчүн дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексин курушту.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ошол маалдагы президент Алмазбек Атамбаев ачкан. Ачылыш аземде миң комузчу бир эле убакта Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертип, рекорд койгон. Оюндарды ТВ аркылуу 500 миллион адам көрүп, рекорд коюлган.
Көчмөндөр оюнуна парадга чыккандарды белгилүү актер Стивен Сигал баштап чыккан. Кийинчерээк маалымат жыйынында ал Кыргызстанга болгон сүйүүсүн жашырган эмес.
“Силердин өлкөнү көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен Кыргызстанды сүйдүм. Бешбармак мен жеген тамактардын эң даамдуусу болду. Президент менен философия темасында сүйлөштүк. Ага чоң рахмат!”-деген Сигал.
Ошондой эле ал Кыргызстандын президенти мамлекеттин өнүгүүсү үчүн баардык аракетин жасаган улуу адам атаган. Ал кыргыздарды боордош-көчмөндөр деп атап, атасы бурят, апасы индианка болгонун кошумчалаган.
“Менин ата-бабаларым да көчмөн болушкан. Көчмөндөр оюнун уюштуруу эң туура болду деп ойлойм. Кандай жашоону билүү үчүн кайдан келгенибизди билишибиз абзел”,-деген актер.
2017-жылдын 15-декабрында ошол маалда премьер-министр болуп турган Сапар Исаков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даярдыктар башталганын билдирген. Кийинчерээк ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында болору жарыяланган.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул этно-маданият менен этно-спорттун тогошкон уникалдуу аянтчасы. Ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көчмөндөр цивилизациясына тийиштүү илимий конференциялар өтөт”, – деген Сапар Исаков. Ошондой эле ал Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабын катышуучу өлкөлөрдүн иш-чарага кызыгуусу өсөрүн, ошондой эле туристтердин биздин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөрүн белгилеген.
«Менин пикиримде, бул аябай биз үчүн абдан маанилүү, анткени, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну этно-спорттун дал ушул түрүн өзгөчө таанытты. Биз ошондой эле, көчмөндөр кантип жашаган, анын кандай баалуулуктары болгонун, эмнеге ишенип, эмнеге умтулганын, көчмөндөрдүн маданий аспектилерин жана тиричилигин көрсөткүбүз келет. Бул максатта Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда «Кырчын» капчыгайы 7–8 кылымдагы көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырган ири этно-аянтчага айланат», – деген Сапар Исаков.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 77 өлкөдөн келген 3 миңге жакын спортчулар катышары күтүлүүдө. Мелдештер улуттук спорттун 36 түрү боюнча өтөт. Аны чагылдырууга дүйнө жүзүндөгү ири ММКлардын 500гө жакын өкүлү чакырылган. Спорт жана маданий иш-чаралардан сырткары илимий конференциялар да болот. Оюндардын расмий жабылуу аземи 8-сентябрда болот.