Интернет тармагына Кытай салган каражат 2017-жылдын IV кварталында 16,7 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө Кытай АКШдан 2017-жылдын II кварталында ашкан. Бул тууралуу Кытайдын өнөр-жай жана информатизация министрлигинин адындагы Маалымат жана телекоммуникациялар технологиясы институтунун докладында жазылганын vestifinance.ru. жазып чыкты.
Докладга ылайык, интернет тармагына салынган инвестициялардын жалпы көлөмү дүйнө жүзү боюнча 43,3 млрд долларга жеткен, Кытайга бул каражаттардын 38,56%ы туура келген. Бул тууралуу Кытайдын «Синьхуа» мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал ортодо Кытай IT-долбоорлорго чет элдик инвесторлорду тартууда. Siemens PLM Software компаниясы Тайюань (провинция Шаньси, Түндүк Кытай) шаарында интеллектуалдык инновациялык борбор ачат. Январда Siemens менен жергиликтүү компания ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Планга ылайык, Siemens инновациялык борбор аркылуу кытайлык өндүрүшчүлөр изилдөөлөр жана жаңы ойлоп табуулар менен камсыз болуп турушат. Бул Шаньси үйүн абдан актуалдуу болуп саналат.
Былтыр германиялык концерн кытай бийлиги менен жаңы робототехника борборун түзүү тууралуу сүйлөшүү каалоосу бар экенин билдирген. Учурда компанияга Кытайдан 4500 окумуштуу жана инженер иштеп жатат.
Робототехника жана өндүрүштү автоматташтыруу «Кытайда жасалган- 2025» өкмөттүк программасына ылайык өзгөчө көңүл бурулат. Бул контекстте Германиянын индустриясы мыкты өнөктөш катары көрүнүүдө.