Учурда биздин өлкөдө гана эмес дүйнөдө маянасы жогору адистер катары саналып келет.
Алар орто компанияны жетектеген жетекчинин алган эмгек акысындай маяна алышат.
Tech Salary Guideдин жыл сайын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, жылына $200 000 айлык алган көпчүлүк техникалык адистер өтө керек болгон тармактарда, көбүнэсе коопсуздук боюнча кызматтарда жетекчилик кызматын аркалап келишет.
Маалыматтык технологиялар боюнча жетекчилер жана техникалык жетекчилер рейтинг боюнча биринчи орунда турушат. Алар жылына $170 000дан $285 000гө чейин каражат табышат.
Экинчи орунда Demandware платформасын иштеп чыгуучулар турат. Азыр Salesforce Commerce Cloudдун бөлүгү болуп саналат. Алар 150 000$дан 250 000$га чейин табышат.
Маалыматтык коопсуздук боюнча жетекчилер үчүнчү орунда. Жылына алар 145 000$дан 250 000$га чейин алышат.
Анан кийинки тизмеде төмонкүлөр:
DevOps башкы инженери: $115 000 — $250 000.
Маалыматтар боюнча жетекчи: $162 000 — $228 000.
Долбоордун портфелин башкаруучу: $125 000 — $225 000.
Датолог: $130 000 — $210 000.
Маалыматтардын архитектору: $130 000 — $210 000.
Тиркемелердин коопсуздугу боюнча инженер: $125 000 — $210 000.
Чечимдердин архитектору: $140 000 — $200 000.
Өнүм боюнча менеджер: $90 000 — $200 000.
Androidди иштеп чыккандар: $90 000 — $200 000.
iOSту иштеп чыккандар: $90 000 — $200 000.
Бул маалыматтар Нью-Йорк, Сан-Франциско, Вашингтон, Филадельфия, Бостон, Чикаго, Лос-Анжелес, Атлант жана Даллас шаарларынын эмгек рыногун изилдөөнүн натыйжасында алынган. Ошондой эле маянанын көлөмү жумушчунун жашаган жеринен көз каранды болгон эмес, көпчүлүк кызматкерлер кеңсеге келбей эле иштешет.
Glassdoor кадрдык агенттигинин Know Your Worth куралы сизге аткарган жумушуңуз үчүн аз акча алып жатасызбы же жокпу билүүгө көмөкчү болот. Ал негизги маалыматты сурап, маалыматтарды анализдөө менен, Glassdoorго берилген жумуш берүүчүлөрдүн маалыматынын натыйжасында сиздин “базардагы бааңызды” аныктап берет.
Ширин Жумадилова