• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Искендер Шаршеев: Жаңы технологиялар жана инвестициялар – өлкө экономикасын сактап калат

5-str

👁 1,321

Баардык эле мамлекеттердин негизин экономика түзөт. Кыргызстандын көз карандысыздык алган 27 жылдан бери экономикасын өнүктүрүүдө узак жол басты.

Көптөгөн кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болду, бирок алардан өтө алдык. Учурда абал кандай? Бул тууралуу биз экономикалык эксперт Искендер Шаршеев менен маек курдук.

–Өлкөдө жалпы экономикалык абал кандай?

-Кыргызстан реэкспорттун эсебинен жашап келет жана  бул Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө алып келди. Албетте, башында кыйын болду, бирок 2010–2011-жылдардан тарта көнүп баштадык. Адамдар дүйнө боюнча майда жана дүң соода иштерин жүргүзүүнү үйрөнүп башташты.

Биздин өлкөдө төмөнкүдөй экономикалык абал түзүлгөн: айыл-чарбасы – 23 пайызды түзсө, калган 77 пайызды соода түзгөн. Алардын ичинен 4% – туризм, 8% – курулуш, 5% жакыны – Кумтөр, а калганын – ресторандар жана кафелер түзгөн.

Бизде соода абдан өнүккөн. Мисалы, өрүк менен мейизди стандартташтыруу боюнча маалымат алган кыргыз дыйкандары Европага товар ташый башташты. Биздин балды Японияга, Кытайга ташып башташты. Акырындан өлкөнүн экономикасы өсүп баштады. Бирок бул биздин коңшуларга жакпай баштады. Ошондуктан алар Кыргызстан алар аркылуу соода кылышы үчүн саясий кадамдарды кыла башташты. Башкача айтканда, Кытай Казакстан жана Россия менен түз соода кылып баштады.

Ошентип, революциядан кийин чек араларды жаап салышты. Бул биздин реэкспортчулар үчүн кыйынчылыктарды жаратты. Биз мурун Кытайдан товар алып Казакстанга жана Россияга кайра сатып келсек, чек ара жабылганы көптөгөн кыргыз ишкерлери банкрот болушту. Алардын айрымдары коррупциялык схемаларды ойлоп табышып, Россиянын жана Казакстандын чек арачыларына “төлөп” башташты.

Негизинен дүңүнөн соода кылгандар бизнесин сактап калышты. Ал эми майда соодагерлер болсо банкрот болушту. Ошондо бизнесмендер өкмөткө кайрылышып, чек ара маселесин чечип берүүнү суранышты. Натыйжада Казакстан менен Россия Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүүгө аргасыз кылышты.

–ЕАЭБге кирүү Кыргызстанга кандай таасир берди?

- 2011–2012-жылдары биз абдан жакшы жашадык. 2013-жылда Кыргызстанда ийгиликтер болду. Ал учурда көпчүлүк жашоочулар унаа алышып, чоң үйлөрдү курушту. Биз гүлдөп жаттык. Бирок ЕАЭБге кирүү керек болду. Көпчүлүк, бул Россия жана Казакстан менен мамиле түзүү үчүн саясий кадам экенин билип эле турду. Бирок ага киргенден кийин деле абал өзгөргөн жок.

Кайсы бир товарларды сатууга мүмкүнчүлүк ачылса, айрымдарын сата албай калдык. Техникалык регламент сыяктуу тоскоолдуктар пайда болду, бул Казакстан менен Россияда товардын сатылуусу боюнча эрежелер бар болчу дегендик.

Биздин өлкө бул келишимдерге кол койду, бирок учурда экспорт менен импорт 19–20% төмөндөдү. Башкача айтканда, реэкспорт 20% азайды, пайыздардын баары Казакстанга кетти. Аны менен катар эле Казакстанда жана Россияда нефтиге болгон баа төмөндөдү, алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайды. Биримдикке киргенден кийин көпчүлүк киреше булагын жоготту.

Азырынча бул көйгөй чечиле элек. Жада калса Казакстан менен Россия чек араны ачып, техникалык регламентти жоюп салса деле бизде алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча көйгөй пайда болот.

–Башкача айтканда Бажы биримдиги биздин мамлекетке терс таасирин тийгизиптир да?

–2 нерсеге жаман таасир берди. Биринчиден, Россиянын батыш өлкөлөрү менен болгон конфликти. Анын натыйжасында батыш жаңы технология киргизди, мисалы, Америкада сланец нефти пайда болду. Ал рынокту арзан нефть менен камсыз кылып койду. Ошол эле маалда Американын союздаштары болгон Сауд Арабиясы, БАЭ жана ОПЕК өлкөлөрү сланец нефтиси менен күрөшүү үчүн рынокко көп нефти чыгарып жиберишти. Бул анын баасын төмөндөтүп, Казакстандын жана Россиянын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөттү.

Бирок бир плюс бар: алар менен Кытай бирге, бул өлкө мурун товар сатып гана келсе, эми сатып алып да баштады. Бул биз үчүн жаңы мүмкүнчүлүк. Бирок бул татаал болот, себеби кытайлыктардын талаптары күчтүү. Кытай рыногуна кирүү алардын кызыкчылыгына ылайык келбейт.

Экинчи себеби – бул биримдик жана анын эрежелери. Абалды биримдиктин ичиндеги өлкөлөрдүн ич ара тиреши дагы оорлотууда. Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт. Көптөгөн аткаминерлердин ою совет доорундагыдай боюнча калган. Бул тоскоол болууда.

Бизде киреше эмес, мамлекеттик чыгым өсүүдө. Башкача айтканда, доллар менен алсак биздин экономика төмөндөөдө, сом менен өсүүдө. Россияда жана Казакстанда дагы ушул эле абал. Ошондуктан азыр башка иш менен алек боло албайбыз.

Бизде өндүрүш болгону 8–9% түзөт, бул өтө аз көрсөткүч. Жакынкы убакта абал өзгөрбөйт. Биз ЕАЖБ менен алардын эрежесине ылайык соода кылууну үйрөнүшүбүз керек же Кытай менен болгон мамилени оңдообуз зарыл. Бирок бул азырынча катаал шарт. Бизде өндүрүштү модернизациялоо үчүн акча жетишпейт. Биздин жалгыз жол – бул инвестициялык абалды жакшыртуу.

–Инвестициялар жана инвесторлор тууралуу бир ооз кеп айта кетпейсизби?

–Инвесторлор биз үчүн чоң мааниге ээ. Бизде жок нерсе аларда бар – акча, билим жана технология. Бирок биздин өкмөт бизнесин биздин өлкөдө жүргүзүп жаткандардан алар салган каражаттардан сырткары дагы бейрасмий акчаларды алышат. Бул болсо дүйнө жүзүндө өтө оор кылмыш катары саналат, жада калса компаниялар жабылып, лицензиядан ажыратылып, айып пулдар да салынат. Ошентип биз баардык инвесторлорду коркутуп алдык. Аткаминерлер өлкөнү сактап калуунун жолу жаңы технология, акчалар жана инвестициялар экенин түшүнбөй жатышат.

–Бизнести өнүктүрүү үчүн кандай шарттар түзүлүүдө?

–Өзгөрүүлөр көп болду, бирок таасир аз. Мисалы, 2010-жылы гүлдөргө, иттерге жана мышыктарга салык салуу жоюлган. Бизде салыктардын түрлөрү азайып, КНС төмөндөтүлүп, компанияларды каттоо жеңилдетилген. Бизнес жүргүзүү бир топ жеңилдеди, бирок Кыргызстан ишкерлер үчүн бейиш деп айтуудан алысмын. Буга жетүү үчүн мыйзам долбоорлорун кайрадан иштеп чыгуу керек.

Биздин Чет элдик инвесторлор ассоциациясы инвестициялык визага болгон баанын төмөндөтүүгө жетишти. Албетте, Грузиядагыдай бир күндө баарын өзгөртүп жиберүү мүмкүн эмес. Бизде мындай болбойт. Биз мезгилдин талабына шашпай жооп берүүдөбүз.

–Эмнеге жай болууда? 

–Башкы себеп – дүйнө менен иштөө керек деген түшүнүктүн жоктугу. Биздин калк үчүн коррупция менен алек болуп, көп сандаган мамлекеттик кызматкерлердин болуусу, ал жактарда тууган-уруктарынын иштөөсү маанилүү. Башка жолдорду көрбөй келебиз. Миллиарддарды иштеп табуу үчүн акчасыз бир нече күндү жана жылдарды элестете албайбыз. Биз азыр ушул жерден 100 сом пара алып калуубуз керек. Келечекке балта чабылып жатабы жокпу баары бир.

–Сиздин пикириңизче коррупция менен кантип күрөшүү керек?

–Жашоочулары ачка болгон өлкөдө коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Бизде болсо ар бир президент жана анын тарапташтары биринчи кезекте, өз кызыкчылыктарын коргойт. Бул бизде гана эмес. Дүйнөдө 219 өлкө болсо, анын 30у гана парасыз жашайт. Бирок ушул 30 өлкөдө дагы коррупциянын башка жолдору бар. Бизде болсо түздөн түз эле: “чемодан акча алып кел дейт”.

Бул адамдын жаратылышы. Аны мамлекеттик кызматкерлерди азайтуу менен гана жойсок болот.

Мисалы скандинав өлкөлөрүндө бир нече миллиондогон калкты 30 адам башкарат. Бизде болсо 7 миллион калкты 18 миң мамлекеттик кызматкер 440 миң бюджетник башкарат. Бул демек ар бир 12 кыргызстандыкка бирден жетекчи дегенди билдирет. Бул өтө көп. Күчтүү мамлекеттик бийлик жана мамлекет башчынын күчтүү эрки коррупция менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк деген ойдомун.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости