• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Искендер Шаршеев: Өлкө экономикасын сактап калуу – бул жаңы технологиялар, акча жана инвестициялар.

isken

👁 1,521

Экономика ар бир өлкөнүн негизи болуп саналат. Эгемендүүлүк алган 26 жыл ичинде Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү үчүн аз эмес жолду басты. Көптөгөн кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болду, биз алардан өтө алдык. Эмнеге жетиштик, азыр абал кандай? Бул тууралуу экономикалык жактан эксперт Искендер Шаршеев менен маектештик.

Өлкөдөгү экономикалык абалга кандай баа бересиз?

Кыргызстан негизи реэкспорттун эсебинен жашаган, ал биздин экономиканын өнүгүүсүнө жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Албетте, башында оор болду, бирок 2010–201—жылдары биз ыңгайлаша баштадык. Адамдар башка өлкөлөр менен дүң жана чекене соода кылганды үйрөнүштү.

Биздин өлкөдө ал учурда экономикалык абал төмөнкүдө болчу: айыл-чарбасы 23 %ды ээлесе, калган 77%ды соода ээлеп турган. Алардын ичинен болгону 4% туризм, 8% куруучулук, 5%га жакыны Кумтөр болчу, калганын ресторандар, кафелер ээлечү.

Бизде соода өнүккөн болчу. Мисалы кыргызстандык фермерлер өрүк менен мейиздин стандартын алышып, Европага товар жөнөтө башташкан. Биздин балды Японияда жана Кытайда сата башташты. Акырындык менен экономика өсө баштады. Бирок биздин коңшуларга бул процесс жакпай калды. Ошондуктан алар саясий жүрүш жасап, Кыргызстан алар аркылуу соода жүргүзгөндөй кылып коюшту. Башкача айтканда, Кытай түздөн түз Казакстан жана Орусия менен соода алакаларын жүргүзө баштады.

Ошентип революциядан кийин чек аралар жабылды. Бул биздин реэкспортчулар үчүн өтө олуттуу маселелерди жаратты. Эгерде биз мурун Кытай товарларын Казакстанга жана Орусияга сатып келсек, чек аралар жабылганда көпчүлүк кыргыз ишкерлер банкрот болушту. Алардын айрымдары аткезчилик менен алектенишип, бирок Орусиянын жана Казакстандын чек арачыларына “үлүш” берип турушкан.

Негизинен дүңүнөн саткан соодагерлер бизнесин сактап кала алышты. Ал эми чекене саткандар банкрот болушту. Ошондо бизнесмендер өкмөткө кайрылышып, чек ара маселесин чечип берүүнү суранышты. Ошентип Казакстан менен Орусия Кыргызстанды бажы биримдигине кирүүгө аргасыз кылышты.

ЕАЭБге кошулуу Кыргызстанга кандай таасир берди?

2011–2012-жылдары биз абдан жакшы жашачубуз. 2013-жылы Кыргызстан ийгиликке жетишкен десек болот. Ошол маалда көптөгөн жашоочулар унаа сатып алышып, заңгыраган үйлөрдү курушкан. Биз гүлдөп баштаганбыз. Бирок ЕАЭБге кирүү керек болчу. Көпчүлүк бул Казакстан, Орусия менен мамилени оңдош үчүн саясий кадам экенин түшүндү. Бирок ЕАЭБге киргенден кийин деле абал өзгөргөн жок.

Айрым бир товарларды сатууга мүмкүн болсо, арымдарын сатууга мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Техникалык регламент сыяктуу тоскоолдуктар пайда болду. Казакстанда жана Орусияда эрежелер бар экен ошого ылайык биз товар чыгарышыбыз керек болуп калды.

Биздин өлкө бул келишимдин баарына кол койгон натыйжада учурда экспорт менен импорт 19 – 20 %га кыскарууда. Башкача айтканда реэкспорт 20%га кыскарды жана бул пайыздар Казакстанга кетти. Аны менен катар эле Казакстан менен Орусияда нефтиге болгон баа төмөндөп, сатып алуу жөндөмдүүлүгү азайды. Ошентип биримдикке киргенден кийин көпчүлүк кирешесинен кол жууду.

Азырынча бул маселе чечиле элек. Казакстан жана Орусия чек араларын ачып, техникалык регламенттерин алып салса дагы алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн аз болушунан улам бизде кайрадан эле маселелер жаралат.
Бажы биримдиги биздин өлкөгө жаман таасир бердиби?

Эки нерсе жаман таасир берди. Бул Орусиянын батыш өлкөлөрү менен болгон урушу. Натыйжада Батыш жаңы технология ойлоп тапты, мисалы Америкада тоо мунайы пайда болду. Алар рынокту арзан нефти менен толтуруп салышты. Ошол эле учурда Американын союздаштары – Сауд Аравиясы, ОАЭ тоо мунайы менен күрөшүүгө аракет кылып рынокко көп нефтини кое беришти. Бул анын баасын төмөндөтүп, Казакстан менен Орусиянын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөттү.

Бирок бир жакшы багы бар – биздин жаныбызда Кытай жайгашкан, ал мурун товар сатып гана келсе, учурда сатып алып да жатат. Биз Кытай менен соода алакаларын жакшыртышыбыз керек. Бирок бул өтө кыйын, себеби кытайлыктардын талабы күчтүү. Кытай рыногуна биздин кирүүбүзгө алар кызыкдар эмес.

Экинчи себеп – бул биримдик жана анын эрежелери. Биримдикке кирген өлкөлөр арасындагы атаандаштык абалды оорлотуп жатат. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп келет. Ошондой эле аткаминерлердин көбү советтер союзундагыдай ойлонушат, бул дагы терс таасирин тийгизүүдө.

Бизде мамлекеттик кирешелер көбөйбөй эле чыгашалар өсүп жатат. Башкача айтканда, доллар менен алганда экономикабыз төмөндөп, сом менен алганда өсүп жатат. Орусияда жана Казакстанда дагы ошондой. Ошондуктан биз азыр башка нерселер менен алек боло албайбыз.

Бизде өндүрүш болгону 8–9 %ды ээлейт, бул өтө аз. Абал жакынкы күндөрү өзгөрбөйт. Биз ЕАЭБде эрежеге ылайык соода кылганды үйрөнүшүбүз керек же Кытай менен соода алакаларын жакшыртуубуз зарыл. Бирок бул татаал маселе. Бизде өнүмдү заманбапташтыруу үчүн каражат жок. Бизде жалгыз жол инвесторлорду тартып, инвестициялык абалды жакшыртуу.

Инвесторлор жана инвестициялар тууралуу айтып берсеңиз?

Биз үчүн инвесторлор өтө маанилүү. Аларда бизде жок нерселер бар – акча, билим, технология. Бирок биздин өкмөт өлкөдө бизнес жүргүзүүсү үчүн инвесторлордон расмий эмес түрдө акча сурап келген. Бул дүйнө жүзүндө өтө чоң кылмыш болуп саналат. Жада калса компанияны жаап, лицензиясын алып, айыппул салышат. Биз ушинтип жатып бардык инвесторлорду коркутуп алганбыз. Аткаминерлер өлкөнү сактап калуунун жалгыз жолу – жаңы технологиялар, каражаттар жана инвестициялар экенин түшүнбөй келишет.

Бизнести өнүктүрүү үчүн кандай шарттар түзүлүүдө?

Өзгөрүүлөр өтө көп болду, бирок кичине эле. Мисалы, 2010-жылы гүлдөргө, иттерге, мышыктарга болгон салык алынып салынды. Салыктардын түрлөрүн азайтышты, КНСти төмөндөтүштү. Бизнес жүргүзүү жеңил болуп калды, бирок Кыргызстан бизнес үчүн бейиш деп айтууга эрте. Буга жетүү үчүн мыйзамдарды дагы иштеп чыгуу керек.

Биздин “чет элдик инвесторлор” ассоциациябыз инвестициялык визага болгон бааны төмөндөтө алды. Бирок Грузиядагыдай бир күндө баарын өзгөртүп жиберүү мүмкүн эмес. Биз мезгилдин талабына өтө жай жооп берүүдөбүз.

Эмнеге өтө жай болууда?

Башкы себеп – бул дүйнө менен кантип иштөө керектигин түшүнбөө. Биздикилер үчүн коррупция менен алектенип, мамлекеттик кызматкерлердин аппаратын түзүү жана ал жакка туугандарын орноштуруу. Биз анан миллиарддарды алуу үчүн акчасыз бир канча күн же жыл жүрө албайбыз. Бизге азыр жана дароо 100 сом пара алуу жеңил. Келечегибизди өлтүрүп жатсак дее баары бир эптеп жашашыбыз керек.

Сиздин оюңузча коррупция менен кантип күрөшүү керек?

Мамлекетиңде ачка адамдар көп болсо коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Бизде болсо ар бир президент жана анын жакындары биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын ойлойт. Бул бизде гана эмес. Дүйнөдө 219 мамлекеттин ичинен 30 өлкө гана парасыз жашайт, жада калса ушул 30 өлкөнүн ичинде да коррупциянын башкача формалары бар. Бизде болсо түз эле бир чемодан акча алып кел дешет да.

Бул адамдын жаратылышы. Аны менен күрөшүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу керек.

Мисалы, Скандинавия өлкөлөрүндө бир нече миллион адамды 30 гана киши башкарат. Бизде болсо 7 млн адамга 1800 мамлекеттик кызматкер жана 440000 бюджет кызматкери бар. Бул 12 кыргызстандыкка 1 башчы туура келет дегендик. Бул өтө көп. Менин оюмча күчтүү мамлекеттик бийлик жана өлкө башчысынын эрки коррупция менен күрөшүүгө жардам бермек деп ойлойм.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости