Кыргызстанда 2003-жылдан бери органикалык чарба колго алынып келе жатат. Азыркы учурда республика аймагы боюнча 12 органикалык аймак түзүлүп, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүп жатат.
Кыргызстанда алты жылдан бери органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн улуттук көргөзмө-жарманкеси өткөрүлүп келет. Демилгени Bio-KG органикалык кыймыл федерациясы көтөрүп, техниканын өнүккөн заманында керектөөчүлөрдү экологиялык жактан таза азык-түлүктөр менен камсыз кылуу максатын көздөөдө. Аталган федерациянын жетекчиси Искендербек Айдаралиев органикалык айыл чарбасынын өнүгүшү, өлкөнүн био түрдүүлүгүн сактоо жаатындагы “Экономика” гезитинин суроолоруна жооп берди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл-чарба азыктарын өндүрүү кандай өнүгүп жатат?
Бизди кубандырган нерсе — органикалык айыл-чарбасы менен иштейбиз деген фермерлердин саны арбып баратат. Себеби, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан продукциялардын көпчүлүгү органика. Бирок колунда алардын нукура экенин тастыктаган документи жок. Учурда дал ушул багытта да иш жүрүп жатат. Эң негизгиси республикада органикалык аймактарды көбөйтүп жатабыз. Себеби, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары реформа болгондо чакан жерлер менен ар бир үй-бүлө өзүнчө чарба болуп алган. Маселен, 500 гектарлык жер болсо, ошол жерде 500 фермер бар. Алардын ар бирин органикалык фермер кылуу үчүн ар биринин арыгына суу жеткирүү керек. Өндүргөн продукцияларында химиялык кошулмалары жок болушу керек.
Ошондуктан органикалык аймак деп бир айылды тандап алып, айыл чарбасын жүргүзүү ыкмасын колдонуп, аймактарды түзүп жатабыз. Жакында эле миң адамдан ашык респонденттен сурамжылоо изилдөө жүргүздүк. Жыйынтыгында алардын 74 пайызы биз органикалык азык-түлүк менен тамактанышыз керек деген жоопту айтышты.
Биздин өлкөдө бул жаатта потенциал абдан күчтүү. Чет өлкөгө сатуудан мурда эң биринчи өзүбүздүн, балдарыбыздын ден соолугун ойлоп, биринчи кезекте өзүбүздү органикалык азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек.
Мамлекет айыл чарбасында органиканы негизги багыт кылып, органикалык айыл-чарбасын өнүктүрсө, тез эле органикалык азыктардын мекени катары дагы бир ирет тааныла алабыз.
Органикага өтүүгө дыйкан-фермерлер кызыгып жатабы?
Быйыл алтынчы ирет органикалык азык-түлүктөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп жатабыз. Жылдан-жылга биздин катарга кошулуп, органикалык азык-түлүк өндүрүүгө кызыккан дыйкан-фермерлердин, ошол эле учурда экологиялык жактан таза азыктарды сатып алууга кызыккан кардарлардын да саны көбөйүп жатат.
Адегенде даамын татып көрүү үчүн 2–3 килограм картөшкө сатып алып, эртеси кайра келип, кабы менен алып кеткен кардарларды учуратууга болот.
Бүгүнкү күндө 12 органикалык аймак түзүлдү. Ошол жерде 27 айыл бар. Кээ бир айыл өкмөттөрдө толугу менен органикалык айыл бар. Кээ бир айыл өкмөттөрдө экиден-үчтөн айыл болуп, жалпысы 27 айыл баштан-аяк органикага өткөн.
Азык органикалык болгону менен анын нукура экенин тастыктаган сертификат берүү жагы кандай болууда?
Дүйнөлүк практикада да кеңири жайылган сертификат берүүнүн оңой жолу бар. Жамааттар уюшулуп, бири-бирин көзөмөлдөп, бири-бирине ишенип кепилдик берүү менен сертификат алышат. Бул жылына бир ирет кайталанып турат. Органикалык аймактарда сертификат бере турган кеңешмелер түзүлгөн. Үч-төрт жамаат бири-бирин көзөмөлдөп, күзүндө түшүмдү казып алып жатканда кеңешме чогулуп, бул органикалык фермер, химикатты колдонгон жок деп чечим чыгарышат. Ошонун негизинде сертификат берилет. Бул документти Кыргызстандын ички рыногу эле тааныйт.
Бир нерсени белгилеп кетким келет. Азыркы учурда супер маркеттерде, ири дүкөндөрдө экологиялык таза продукция деп, товардык эн белгини жабыштырып сатып жатышат. Бирок алардын колдорунда сертификат жок. Бул учурда кардарлар товардын нукура экенин тастыктаган документти талап кылышы керек.
Органикалык азык өндүрүү үчүн эң ириде жер семирткич да органикалык болуусу кажет эмеспи…
Кыргызстанда айыл чарбасында, анын ичинен дыйканчылыкта химиялык жер семирткичтерди органикалык жер семирткич менен алмаштырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда дыйканчылыкта азыктарды табигый жол менен өстүрүү дүйнөдөгү маанилүү делген маселелерден болууда. Химиялык жер семирткичти эмес ички потенциалды, органикалык жер семирткичтерди пайдаланып сапаттуу азык өндүрүүгө болот. Маселен, ата-бабабыздан келаткан малдын кыгын жер семирткич катары пайдаланууга кайра жандандырса болот. Жалбырак чириндилерин, мал кыктарын жерге себүү түшүмдүүлүктү арттырат. Дыйкандар өндүрүп жаткан 60–70% органикалык продукцияларды башка өлкөлөргө таанытуу, ал жакка жакшы баада соодалоо мүмкүнчүлүгү бар.
Маалымат иретинде: Быйыл алтынчы ирет өткөн органикалык тамак-аш азыктарынын көргөзмө-жарманкесинде бал, эт-сүт, мөмө-жемиштер, кыргыздардын салттуу көчмөн ашканасынын рецепттери боюнча талкандан жасалган азыктар, улуттук суусундуктар, тоо жемиштеринен жана мөмөлөрдөн кайра иштетилген продукция, оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары, топоздун эти жана башка көптөгөн азыктар элдин назарына тартууланды. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан табигый, органикалык продукцияны өндүргөн 80ге жакын компания катышты.
Назгүл Бостонбаева