• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Иштамберди кенинин иши убактылуу токтотулду

👁 529

Иштамберди кенинин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков билдирди.

Компанияга он пункттан турган буйрутма (предписание) берилип, 210 миң сом айып пул салынды. Кемчиликтер жоюлгандан кийин иштегенге уруксат берилери айтылды.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыккан. 200–300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан. Эртеси, 13-июнда алар менен өкмөт өкүлдөрү жолуккан.

Буга байланыштуу митингге чыккан 18 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарына облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен. Кечээ, 17-июнда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайра кое берилген.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости