Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, митингге чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолукту.
Ошондой эле чогулгандар бийлик алардын талабын укпай келатканын белгилешти. Сатыбалдиев жолугушууда эртең Бишкектен өкмөт мүчөлөрү менен тиешелүү адистер келип, тургундар менен жолугушарын билдирди.
11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган.