• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Ишкерликти өнүктүрүү фондунун” кызматкерлерине 210,8 сом көлөмүндө негизсиз премия төлөнгөн.

img_0159

👁 692

КРнын Эсеп палатасы “Ишкерликти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясынын 2015-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча пландык текшерүү жүргүзгөн.

Аудит көрсөткөндөй, отчет берүүдө насыяларды төлөө 94,2 пайызга барабар болгон, же пландалган 58,2 млн сомдун 55.2 млн сому төгүлгөн. 40 пайыздан ашуун насыя портфели күмөндүү кредит же жоготуу деп классификацияланган, иштөө тартибине ылайык төлөмдөр ишке ашырылган эмес. Бул насыяларынн 86,0 пайызы 2013–2014 жылдарда берилген.

Улуттук банктын башкаруусунун бир адамга же бир группага 1,0 миллион сомдон ашык насыя берилбейт деген токтомуна карама каршы иштер болгон. Фонддун уставында эң жогорку сумма бир адамга 3,0млн сомдон ашуун эмес деп белгиленген.

ААК кантип жалпы эрежелерди аттап өтүп , өзүнүн насыя өлчөмүн койгону кызык? Жана уставдагы насыя өлчөмү тууралуу түшүндүрмө бере албаган кайсы юридикалык компания бул фондду каттоодон өткөрдү экен?

Фонддогу материалдык жардам жана кызматкерлерге премия берүү тууралуу бекитилген жобону бузушуп, кирешени аткарбай туруп кызматкерлерге негизсиз 210,8 сом өлчөмүндө премия төлөшкөн.

Планды аткарышпаса дагы кызматкерлерге бергени абдан жакшы экен, балким бул дагы дем берүүнүн бир жолу болуп жүрбөсүн, балким мындан кийин кызматкерлер жакшы иштеп калаттыр?

Мамлекеттик мекемени ижарага берүү тууралуу нормативдик-укуктук актыларды бузуу менен 2015-жылы ижара үчүн 136,6 миң сом алынган эмес. КРнын “салыктык төлөмдөр” тууралуу мыйзамына ылайык, бюджетке 30 пайыз киреше же 41 миң сом түшпөй калган.

Балким фонддун кызматкерлери кайрымдуулук менен алектенип, мекемелерди бекер бергени үчүн премия алышкандыр? 136,6 миң сом бюджетке түшпөй калып, бирок 210,8 миң сом премия алышканын башкача түшүндүрүп болбойт.

Фонддун кызматкерлери тарабынан алынган 4,9 млн сом насыя боюнча 2015-жылдагы карыз 3,7 млн сомду түзөт. Ошондой эле негизги сумманы төлөө мөөнөтү 2 миң күндөн, ал эми пайызын төлөө 4 миң күндөн ашып кеткен учур да катталган.

Фонддун айрым кызматкерлерине керектөөчү насыялар азайтылган пайыз үстөгү менен жана бекитилген чектен ашык суммада насыялар берилген. Натыйжада Фонддун пайыздык кирешесинен жоготуулар 1,1 млн сом болгон.

Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында “Ишкерликти өнүктүрүү фонду” мамлекеттик акчаны каалашынча колдонгону белгилүү болгон.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости