GEW — кеңири масштабдагы эл аралык долбоор. Ал жаштарды ишкердүүлүккө багыттоону каалаган 170 өлкөнүн башын бириктирип турат. Быйыл бул иш-чарага 10 жыл толот. Кыргызстан дагы четте калган жок. Ишкерлик боюнча глобалдык жумалыкка Кыргызстандын атынан “Эркин рыноктун борбор азиялык институту” коомдук фонду (CAFMI) өкүл болуп, анын расмий өнөктөштөрү «Enactus Kyrgyzstan», «Youth of Osh», Кыргызстандын социалдык ишкерлеринин ассоциациясы, «Сенти» финансылык компаниясы, BOOM Studio, Avtor Z, КЭУ, EPSolution жана Manas Cup эсептелет.
Ишкерлер, студенттер, мугалимдер, менеджерлер, банкирлер, дыйкандар – булардын баары рынок экономикасы пайда болгондон бери биздин күнүмдүк жашообузда кездешишет. Ишкер – бул жумушчу орун тузүп, салык төлөп, өлкөнүн бюджетин толтурууга көмөктөшүп жаткандар. Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, КРнын эмгекке жарамдуу калкынын жарымы чакан бизнеске аралашып келишет. Натыйжада калкты жумуш менен камсыз кылып, бюджетке аздыр-көптүр пайда түшүүдө.
Бир жума бою Кыргызстандын ишкерлери активдүүлугүн көрсөтүп жатышты. «Avtor Z» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Улар Сыдыгалиевдин айтымында, бул иш-чара ата мекендик көптөгөн ишкерлер үчүн өзүн көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк.
Ошондой эле бизнесин жаңы баштап жаткан ишкерлерге “диплом жана акчалай салымсыз эле киреше табуунун 10 жолу” деп аталган тема боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Анда ийгиликтүү ишкер Алибек Жумагулов өз ийгилиги менен бөлүшүп, аз акча салуу менен кантип көп кирешеге чыкса болору тууралуу айтып берди.
Boom Studio» компаниясынын негиздөөчүсү Егор Паншин дагы кызыктуу мастер-класс өттү. Ал социалдык тармактар аркылуу өнүмүн кантип жарнамалап, кантип белгилүү кылса болоруна токтолду. Егор Паншин«Brainbox» деп аталган кызыктуу оюн уюштуруп, ал эми «Boom Studio»«Avtor Z» менен бирге “Бизнеске интернеттин эмне кереги бар?” деген тема боюнча семинар уюштурду.
Бул жуманын алкагында өткөрүлгөн ири иш-чаралардын бири 16-ноябрда өткөн “Жаштар фестивалы” болду. Аны «Enactus Kyrgyzstan» уюштурду. Фестивалга өлкөнүн ар аймагынан 600дөн ашуун жаштар келишип, бири-бири менен идеялары менен бөлүшүп, ири бизнес компанияларынан үлгү алышты.
«Сенти» финансы компаниясы жеке каражаттарды кантип чогултса жана кайда жумшаса болору тууралуу тренинг өткөрдү.
КРнын Соода өнөр-жай палатасы болсо ХАССП стандарттары боюнча азык-түлүк коопсуздугу темасы боюнча ишкерлерге маалымат берди.
Экономика минитрлиги JIA менен жана FSDS фонду менен биргеликте “Кыргызстандагы инвестиция рыногун түзүү үчүн жол картасы” деп аталган тегерек стол өткөрдү.
Biz Expert аналитикалык платформасынын кызматкерлеринин пикиринде, ишкерлердин жаңы мууну бул жаңы бизнес идеясы бар жаштар. Алар өз максаттарына жетүү үчүн болгон аракеттерин жумшап, тобокелчиликке дагы барышат. Мындан сырткары ишкер адам демилгечи дагы болуусу кажет.
Бирок учурда башталгыч капитал маселеси дагы жок эмес. Каражаттын жеткиликтүү болуусу – ишкерликти өнүктүрүүнүн бир багыты.
Адамдар ишкерлик аркылуу экономиканы алга сүрөп келишет. Алар элге кызмат көрсөтүү менен бирге жумуш орундарын дагы түзүшүүдө. Өлкөдө ишкерликти компелкстүү түрдө колдоо керектиги тууралуу көп эле жолу айтылып келет. Бирок экономикалык көрсөткүчтөрдүн начарлашы дагы жалпы абалга терс таасирин тийгизип жатканы бул чындык. Салыктардын көп болуусу, насыялардын жеткиликсиз болуусу, жаңы техниканын жоктугу сыяктуу маселелер ишкерликти артка тартканы тарткан.
Ирина Байрамукова