• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ишкерлерге жол «АгроПродЭкспо—2017»

300x287

👁 1,431

Бул Кыргызстандын аймагындагы айыл-чарба, өнөр-жай, таңгактоо жана технологиялар тармагында өткөрүлгөн жалгыз иш –чара болуп саналат.

21–25-сентябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн иш-чарага Өзбекстандан, Орусиядан келген эт, нан, ун, сүт азыктарынан жасалган азыктарды, ширелерди, консервацияларды, керектөөчү товарларды, жеңил өнөр-жай товарларын чыгаруучу 30дан ашуун компания катышты.

Уюштуруучулар – КРнын Соода өнөр-жай палатасы, Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги. Алар көргөзмө-жарманкени өткөрүүдө өндүрүүчүлөр, сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пайдалуу келишим түзө алышат деп ишенишет. Ал эми иш-чарага келгендердин көп болуусу Соода өнөр-жай палатасы жарнаманы жакшы бергенинен кабар берет.

Соода өнөр-жай палатасынын Вице-президенти Рима Апасова: “Көргөзмөнүн максаты ата мекендик жана чет элдик өнүмдөрдүн потенциалын көрсөтүү, товарларын жакшыртууга шык берүү. Ошондой эле Орусия, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, достукту бекемдөө”-деди.

Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерия Латыпованын айтымында, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануу 2016-жылга салыштырмалуу 25% өскөн. Буга дал ушундай көргөзмөлөр себеп болгонун белгиледи. Белгилей кетсек, бул 2005-жылдан тарта 13-жолу өткөрүлүп жаткан «АгроПродЭкспо»!

Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчиси Комил Рашидов: “Көргөзмө жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенем. Компаниялар ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлөт деп ишенем”-деди.

КРнын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июль айларына карата КР менен Өзбекстандын ортосундагы товар айлануу 174 млн долларды түзгөн, алардын ичинен импорт — 93 млн доллар жана экспорт- 81 млн доллар. Ошол эле маалга карата Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар айлануу 783,3 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт 155,4 доллар, ал эми импорт — 627,9 доллар. Орусия менен болгон соода сальдосу 96,7%, Өзбекстан менен 41,4%.

Көргөзмө “Азык-түлүк”, “Алкоголдук жана алкоголсуз ичимдиктер”, “Айыл-чарба”, “айыл-чарба техникасы”, “Таңгактоочу жабдуу жана технология”, “Тамак-аш өнөр-жайы технологиясы”, “Ингредиенттер, кошулмалар”, “Жер семирткичтер”, “Атайын жабдуулар” болуп бир нече тармакка бөлүндү.

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев көргөзмөдө ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооп берүү менен аларга кеңеш берилип жатканын белгиледи.

«АгроПродЭкспо» көргөзмөсүн жыл сайын өткөрүүгө аракет кылабыз, бул сатуу рыногун жөнгө салып, өнүмдүн өтүмдүүлүгүн жогорулатат”,-деди ал.

Заманбап айыл-чарба бизнесинин өнүгүүсү дагы “жашыл экономиканы” алдыга жылдыруунун бир түрү болуп саналат. Анткени жаратылыш ресурстарын туура колдонсок экологиялык коркунучтар жана тобокелчиликтер азаят. Бул жерде катышуучулар менен өндүрүүчүлөрдүн бири-бири менен тажрыйбаларын алмашуулары абдан маанилүү. Ошондой эле агро өнөр-жай тармагы азык-түлүк коопсуздугун сактоодо жана калкты жумуш менен камсыз кылууда негизги тармак болуп саналат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Соода өнөр-жай палатасынын адистери ишканаларга ХАССП системасын киргизүү боюнча бизнес-тренингдерди дагы өткөрүштү.

Маалымат үчүн: ХАССП (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP) — коркунучтарды талдоо жана критикалык контролдук чекиттер) – продукциянын коопсуздугуна олуттуу таасир этүүчү, системалык идентификациялоо, баалоо жана коркунучтуу факторлорду башкарууну караган концепция.

«ХАССП – өнүмдүн сапатына келүүчү зыяндарга тоскоол болуу. Тилекке каршы, ал тууралуу маалымат кыргызстандык өндүрүшчүлөргө кеч жетүүдө, натыйжада бизнес ХАССП талаптары менен тааныш эмес болуп чыгууда. Ал эми ал болсо ISO 22000 стандартынын негизи болуп саналат эмеспи”,-деди уюштуруучулар.

Ошондой эле салтка айланып калгандай компаниялардын презентациясы болду. Учурда ишкерлик ресурс маанилүү экономикалык ресурс болуп саналат, бул өзгөчө биздин агрардык республикага тиешелүү, себеби 67% калк айылдарда жашайт. 2016-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн 40% ИДПсын чакан жана орто бизнес түзгөн. 2017-жылдын январь-август айларында экономикалык өсүш бардык секторлор менен камсыз болгон: айыл-чарбада көлөмдөр 1,1 %, өнөр-жай тармагы 26,3 %, кызмат көрсөтүү тармагы 0,8 %, курулуш — 5,6 % болгон.

Ишкерлик – бул киреше көп болгон тармак болуп саналат. Көпчүлүк каражат табуунун пайдалуу жолун издеп келишет. Тилекке каршы, бизнес тууралуу ойлогондо көпчүлүк айыл-чарба тармагы тууралуу ойлонбойт, бирок дал ушул тармакта каражат табуунун көп жолдору бар.

Жеке ишкерлер жана дыйкандардын ортосунда жагымдуу тенденция бар. Бул абал агрардык тармакка мамлекет жеңилдетилген насыяларды берип жатканына, текшерүүлөрдүн азаюусуна дагы байланыштуу болууда.

Айыл-чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына ылайык, айыл-чарба өндүрүш тармагында эмгектенгендердин саны 32%, бул тармак өлкөнүн ИДПсынын 14% түзөт. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери айыл-чарба өнүмдөрүнүн көлөмү мал чарбачылыкка карата 53,3%, өсүмдүктөргө карата 48,7% жана башка тармактарга карата 3,3% болгон. 239,3 миң эт, 1 млн тонна сүт, 361,3 млн жумуртка өндүрүлгөн.

Көргөзмөгө келгендер өнүм чыккан баада аны сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул учурда абдан актуалдуу болуп турат. Себеби жыл башынан бери азык-түлүккө болгон баа 1,3 % жогорулады. Ал эми нан, дан 1,0 % арзандады, бул жогорку сорттогу ундун 0,2 %, биринчи сорттогу ундун 1,2 % арзандоосуна алып келди. 2017-жылдын январь-август айларына карата майлардын баасы 3,2 % арзандаган, сүт азыктары, сыр жана жумуртка дагы 8,0 % арзандады. Бирок этке болгон баа 5,6 %, шекерге болгон баа 9,3 % жогорулады.

Алкоголдук ичимдиктерге болгон баа 3,9 % арзандаса, тамекиге болгон баа 19,3 % жогорулады.

Бир сөз менен айтканда «АгроПродЭкспо—2017» катышкандардын арасында нааразы болгондор жок, себеби баардыгы кызыккан суроолоруна жооп алып, издеген нерселерин таба алышты.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости