Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) 2017-жылкы иш планына ылайык, Кыргызпатенттин адистери алыскы Баткен облусунун Лейлек районунда бир жумалык иш сапарында болушту.
Кыргызпатент: Сбор авторского вознаграждения снизился на 15 процентов
Кыргызпатенттин салттуу билимдер боюнча базасында мындан ары материалдарды архивдөө үчүн кыргыз элинин салттуу билимдерин жана салттуу маданиятын билдирүүнү документөө иш сапардын негизги максаты.

Килем токуучулук Баткен облусунун Лейлек районунун мекени болуп саналат. Килемдердин тарыхы бир нече миң жылдарды түзгөндүктөн, бүгүнкү күндө алар чоң ар түрдүүлүктө көрсөтүлгөн. Килемдердин ар турдүүлүгү кенен тандоого жасоо ыкмасы, саркечтиги, кооздугу жана керектелүүсү боюнча бөлүүгө мүмкүндүк түзөт.
Жогоруда айтылган айылдарда кыргыздын салттары элдик колдонулуучу чеберчилиги түрундө килемдердин үч түрүндө көрсөтүлгөн – жүл, араби жана помбаркыт. Бул кол өнөрчүлүк менен жергиликтүү тургундар байыртадан бери алектенишет, андыктан түктүү килемдер Баткен облусунун бренди болуп саналат.

Азыркы убакытта Лейлек районун уздары ар кандай көлөмдөгү килемдерди токушат (40х40см, 40х120см, 150х300см жана андан жогору). Дүкөн — аталышындагы жөнөкөй колдо жасалган горизанталдуу станокто токушат. Ал эки кырдуу устундан жана эки темир түтүктөн турат.
Лейлектин килемдери ачык түсү жана геометрикалык ойуусу менен айырмаланат. Адатынча оймонун жана фондун бири-бирине теңдиги дал, кызыл, ток-кызыл түстөр айкалышат жана ачык кызыл түстөр колдонулат. Акыркы кезде нукура койдун жүнүнөн жасалган ак-кара жана боз-күрөң түстөгү кубулуштагы килемдер популярдуу.
В Кыргызстане будет создан технопарк

Жүндөн ийрилген жипти түйуп, өрүк сөңгөгүнөн жасалган тиштүү кол токмок менен согушат, жипти бычак менен кескилеп, кайчы менен түздөшөт. Көлөмү чоң килемдерди табигый койдун жүнүнөн 4–5 чебер токуйт.
2*1,5 метрлик килемди даярдоодо 15–20 күн сарпталат, чеберлер койдун жүнүн бир канча жолу жууйт, аны ийрүүнүн алдында тытышат, табигый боектор менен керектүү түстө боешот, андан кийин колдо жасалган станоктордо килемди токуйт.

Килемдер адатынча узундугу төрт жана эни үч метрди түзөт. Андай килемдин баасы 23 төн 30 миң сомго чейин, ошондой эле нукура түстөгү килемдин баасы 30 миңден 50 миңге чейин. Аларга 15 килограммдай жүн жана пахта жип керектелет. Бирок, 20–30 миңдин тегерегинде да килем сатып алса болот, ошондой эле автоунаа үчүн отургуч комплектин 3–4 миңге алса болот.

Презентованы итоги двух инновационных проектов поддержанные Кыргызпатентом
Ар бир үй-бүлөнүн 12–13 жаштагы кыздары килем токуганды билишет, аларды бул кол өнөрүлүккө эрте жашынан баштап үйрөтүшөт. Жергиликтүү кыздар, өзүнүн табитине жараша жасалгасын жана өңү түсүн терең ойлонуштуруп, сеп катарында килем токушат.
Жүз пайыз жүндөн жасалганы жана жүндүн жаратылыш сапатына байланыштуу бул килемдерди кылымдар бою колдонууга болот. Кыргызпатенттин адистери ага күбө болушту, 81-жаштагы жергиликтүү тургун, өз убагында анын апасына таандык болгон ачык түстөгү мыкты килемди көргөздү. Ал килемди эстелик катары кийинки муунга өткөрүп беришет, айта кетчүү нерсе ал таптакыр жаңы бойдон.