• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ишкерлерге эң керек болгон ХААСП системасы

319361

👁 1,904

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулганына үч жылга аяк басып калды. Бул убакыт аралыгында биримдиктин бир катар техникалык-регламенттери күчүнө кирип, жаңы эрежелер аткарылууда. Жалпысынан биримдикке кошулгандан бери ата мекендик 43 ишкана интеграциялык уюмдун бирдиктүү реестирине киргизилди. Алардын 15и сүттү, 10у балыкты, 5и этти кайра иштетүүчү ишканалар, 12си балды чыгарат. Алар талапка жооп бергендиктен тизмеге кирген. Эң башкысы экспорт кылууда тазалык жана шайкеш документтердин болушу керек.

Кыргызстан өзүн эл аралык коомчулуктун алдында экологиялык жактан таза, органикалык өнүмдөрдүн өлкөсү деп тааныштырууга аракет кылып келет. Ошондуктан, Евробиримдиктин базарына мына ушундай товарлар менен кирүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин эксперттер да белгилешет. Бирок ошол өнүмдөр ХАССП стандарттарына жооп береби, бул башкы маселе. Аталган системанын талаптары менен артыкчылыктары боюнча экономика министрлигинде семинар уюштурулду. Анда министрлик, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана соода өнөр жай палатасы кыргызстанда иш алып барган компаниялардын өкүлдөрүнө ХААСП системасына кирүү боюнча маалымат беришти. КРнын экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бүгүнкү күндө ЕАЭБдин талаптарына ылайык аталган система комапанияларда болушу керектигин белгиледи.

Элдар Абакиров: “Бул жерде 12 кадамдан турган талап шарттары бар. Ушул боюнча бизде 100гө жакын семинарлар уюштурулду. Анын арасында биздин экономика министрлигинде, соода өнөр жай палатасында, мындан сырткары бизнес ассоциациялар тарабынан. Бүгүнкү күндө кыргы-орус өнүктүрүү фонду уюштуруп жатат”.

ХАССП системасы продукциянын кооптулугун, жугуштуулугун эскертүүгө багытталган, жана өндүрүштүн баардык стадияларында колдонулат. Өндүрүш менен менен алек болгон бардык ишканалар бул системаны сөзсүз кабыл алышы керек, болбосо бул иш-чараларсыз өндүрүш ЕАЭБ аймагына кире албайт. Ал эми ЕАЭБдин техникалык регламенти өткөн 2017-жылы августтан баштап күчүнө кирген. Ага ылайык өндүрүштө, сатууда, продукция тех регламентке жооп берүүгө тийиш. Эгерде техникалык регламенттин талабына жооп бербесе анда продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого да болбой турганын Абакиров кошумчалады.

Элдар Абакиров: “Бул жерде негизги шарт талап ХААСП деген стандарт. Бул деген тамак-ашты өндүрүп жатканда жалпы минималдуу коопсуздук шарттарына жооп берүү: тазалык, тыштан бир тамак ашка башка бир жаман заттар кошулуп кетпесин, ошол эле өндүрүштө колдонулуп жаткан имараттын ичи таза болуш керек, ремонту ордунда болушу зарыл деген жөнөкөй система. Эгерде ишкана ошого жооп бере албаса даяр продукцияны сатканга уруксат жок деген шарт-талаптар коюлган”.

Бул боюнча инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ишканаларды изилдеп, мониторинг жүргүзгөн. Ага Кыргызстан боюнча 200дөн ашык компания катышып, анын ичинен 3төн бири гана хаасп системасына киргени белгилүү болгон. Ал эми бир канчасы системага кирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканы маалымдалган. Бул системанын талабы боюнча, өндүрүшчү өзүнүн азыгынын гана сапатын көзөмөлдөбөстөн, ал товар чыгарып жаткан сырьенун да сапатын текшерүүгө тийиш. Мындан тышкары ХАССП системасы өзү чыгарган товардын сатылуу процессинин да жогорку сапатта болуусун көзөмөлгө алуусун талап кылат. Бүгүнкү күндү бул системаны ишканаларга киргизүу боюнча кыргы-орус өнүктүрүү фонду атайын долбоор иштеп чыкты. Тактап айтканда фонд ХААСПты киргизүү боюнча ишканаларга кредиттик-продукту сунуштайт. Анда доллар менен 5 пайыз, сом менен 10 пайыз 5 жылга чейин насыя берилет. Бул сумма ишканага кошумча жабдык сатып алууга, имаратты курууга, ремонт кылууга жалпылап алганда ХААСП системасын киргизүүгө жумшаларын кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев айтат.

Эркин Асрандиев: “Ошол фонддун каражатынын эсебинен биз ишкерлерге, кайра иштетүү тармагында эмгектенип жаткан мекемелерге жана хаасп жаны стандартка же эл аралык стандартка өтөм деген ишкерлерге биз бизнес план түзүү жагынан бекер жардам берели деп жатабыз. Жардам фонддун каражатынын эсебинен берилет. Бул жылы эми башталып атат. Учурда жобо эржелери иштеп чыгып бекиттик. Каражатты чогултуп атабыз. Буюрса бир эки айдын ичинде бул жумуш башталат”.

ХААСП замандын талабына ылайык өтө зарыл болгон системасы. Эгерде продукция өндүргөн ишканалардын товарларды талапка жооп бербесе экспортко чыкпайт жана эн башкысы мамлекетке пайда алып келбейт. Ошондуктан ХААСП системасына компания ээлери өздөрү кызыктар болуш керектигин Экономика министрлигинин алдындагы тамак-аш коопсуздук системасынын эксперти Агүл Аксупова билдирди.

Айгүл Аксупова: “Эн биринчи кезекте бул системаны киргизиш үчүн лидер кызыгыш керек. Себеби бул жерде мыйзам турат. эгерде ишкананын жетекчиси хаасп системасын киргизем, өндүргөн товарымды экспортко чыгарам деп өзүн өзү даярдабаса эч кандай жылыш болбойт. Мен канча жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатам бир дагы семинар же тренингдерде лидерлер жок. Алар ордуна технолог, инженерлерди жиберип койот. Өздөрү кызыгышпайт. Алар система эмне экенин түшүнбөй калып жатат”.

Бүгүнкү күнү ЕАЭБ аймагында бардык мамлекеттер базарларында көзөмөлүн күчөтүп, сапатсыз тамак-аштарды жок кылуу аракеттерин көрүүнү сунуштап жатат. Дыйкандар, ишкерлер базарга саткан товарларына сөзсүз түрдө сапаттык сертификат кагазын алууга тийиш. Андыктан Кыргызстандагы компаниялар мамлекетке экономикалык жактан салым кошом десе, ишканын чыгарган продукциясын экспорттоп пайда табам десе анда сөзсүз ХААСП системасына кошулуу керек. Бул система ишкананын башкарууга да эффект берерин эсперттер белгилешет.

Илгиз Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости