Кыргызстан өзүн эл аралык коомчулуктун алдында экологиялык жактан таза, органикалык өнүмдөрдүн өлкөсү деп тааныштырууга аракет кылып келет. Ошондуктан, Евробиримдиктин базарына мына ушундай товарлар менен кирүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин эксперттер да белгилешет. Бирок ошол өнүмдөр ХАССП стандарттарына жооп береби, бул башкы маселе. Аталган системанын талаптары менен артыкчылыктары боюнча экономика министрлигинде семинар уюштурулду. Анда министрлик, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана соода өнөр жай палатасы кыргызстанда иш алып барган компаниялардын өкүлдөрүнө ХААСП системасына кирүү боюнча маалымат беришти. КРнын экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бүгүнкү күндө ЕАЭБдин талаптарына ылайык аталган система комапанияларда болушу керектигин белгиледи.
ХАССП системасы продукциянын кооптулугун, жугуштуулугун эскертүүгө багытталган, жана өндүрүштүн баардык стадияларында колдонулат. Өндүрүш менен менен алек болгон бардык ишканалар бул системаны сөзсүз кабыл алышы керек, болбосо бул иш-чараларсыз өндүрүш ЕАЭБ аймагына кире албайт. Ал эми ЕАЭБдин техникалык регламенти өткөн 2017-жылы августтан баштап күчүнө кирген. Ага ылайык өндүрүштө, сатууда, продукция тех регламентке жооп берүүгө тийиш. Эгерде техникалык регламенттин талабына жооп бербесе анда продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого да болбой турганын Абакиров кошумчалады.
Бул боюнча инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ишканаларды изилдеп, мониторинг жүргүзгөн. Ага Кыргызстан боюнча 200дөн ашык компания катышып, анын ичинен 3төн бири гана хаасп системасына киргени белгилүү болгон. Ал эми бир канчасы системага кирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканы маалымдалган. Бул системанын талабы боюнча, өндүрүшчү өзүнүн азыгынын гана сапатын көзөмөлдөбөстөн, ал товар чыгарып жаткан сырьенун да сапатын текшерүүгө тийиш. Мындан тышкары ХАССП системасы өзү чыгарган товардын сатылуу процессинин да жогорку сапатта болуусун көзөмөлгө алуусун талап кылат. Бүгүнкү күндү бул системаны ишканаларга киргизүу боюнча кыргы-орус өнүктүрүү фонду атайын долбоор иштеп чыкты. Тактап айтканда фонд ХААСПты киргизүү боюнча ишканаларга кредиттик-продукту сунуштайт. Анда доллар менен 5 пайыз, сом менен 10 пайыз 5 жылга чейин насыя берилет. Бул сумма ишканага кошумча жабдык сатып алууга, имаратты курууга, ремонт кылууга жалпылап алганда ХААСП системасын киргизүүгө жумшаларын кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев айтат.
ХААСП замандын талабына ылайык өтө зарыл болгон системасы. Эгерде продукция өндүргөн ишканалардын товарларды талапка жооп бербесе экспортко чыкпайт жана эн башкысы мамлекетке пайда алып келбейт. Ошондуктан ХААСП системасына компания ээлери өздөрү кызыктар болуш керектигин Экономика министрлигинин алдындагы тамак-аш коопсуздук системасынын эксперти Агүл Аксупова билдирди.
Бүгүнкү күнү ЕАЭБ аймагында бардык мамлекеттер базарларында көзөмөлүн күчөтүп, сапатсыз тамак-аштарды жок кылуу аракеттерин көрүүнү сунуштап жатат. Дыйкандар, ишкерлер базарга саткан товарларына сөзсүз түрдө сапаттык сертификат кагазын алууга тийиш. Андыктан Кыргызстандагы компаниялар мамлекетке экономикалык жактан салым кошом десе, ишканын чыгарган продукциясын экспорттоп пайда табам десе анда сөзсүз ХААСП системасына кошулуу керек. Бул система ишкананын башкарууга да эффект берерин эсперттер белгилешет.
Илгиз Жамалбеков