Экспортчуларга өкмөт убада кылган 10 пайыздык насыя ушул жылы берилет. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы 4-июлда кол койгон. Ал үчүн быйылкы жылдын бюджетинен 350 млн сом каралган. Жыл аягына чейин жалпы көлөмү 3,5млрд сомго жетүүсү болжонуп жатат.
Премьер-министрдин 4-июлда кол койгон токтомуна ылайык, экспортко чыккан ишкерлерге жеңилдетилген насыялар ушул жылдын аягына чейин берилет. Ал насыялар жылдык 10 пайыз менен мөөнөтү 3–5 жылга чейин белгиленген. Ал үчүн биринчи жолу быйылкы жылдын бюджетинен 350млн сом бөлүндү. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев журналисттерге уюштурулган брифинг учурунда билдирди. Учурда жеңилдетилген насыяны алуу мүмкүнчүлүгү болгон өндүрүштөрдүн тизмеси такталды. Ага республика боюнча 216 өндүрүш кирди. Муну менен катар насыя алуунун негизги багыттары аныкталды.
— Бүгүнкү күнү экспортко чыгып жаткан өндүрүштү колдоо ирээтинде бюджеттен 350млн сом каралат. Бул каражат ишкерлерге 10 пайыз менен берилет. Жылдын аягына чейин жеңилдетилген насыяны алса болот. Ал үчүн экспортко чыккан өндүрүштөрдүн 216 тизмесин тактадык. Негизги төрт тармакты белгиледик. Анын 50сү айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү, 35 тамак-аш өнөр жайы, жеңил өнөр жай 23, кайра иштетүү 82 жана башка өндүрүш 5 ишкананы түздү. Насыянын жүгүртүүдөгү бөлүгүн 3 жылга чейин, ал эми калганын 5 жылдан ашык эмес убакытта төлөнүшү шарт.
Экспортко чыгып жаткан ишкерлерге 10 пайыздык насыя буга чейин мамлекет тараптан берилген эмес. Ишкерлердин дээрлик баардыгы жеке банктардан кеминде 18 пайыз менен насыя алып иштеп келишет. Андыктан өкмөттүн бул кадамы эң туура жасалганы экспортчулар белгилешет.
Анткен менен эксперттердин болжошунча бул сумма өлкө боюнча экспортчулар үчүн өтө аздык кылат. Кыргызстанда жалаң чакан жана орто бизнести алганда каражат 100 ишканага аз-аздан жетиши мүмкүн. Бирок бул дагы ишкананын керектүү жабдыктарын алмаштырууга же товардын түрүн кошууга чоң эле жардам болот.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын экспорту былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга жогорулады. Беш ай ичинде экспорттун көлөмү 657,7 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен ЕАЭБ мамлекеттерине 29 пайыз жогорулаган.