Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында казак тарап Кыргызстан чек арасындагы “Кордай” өткөрүү бекетиндеги, тактап айтканда “Ак-Жол” бекетиндеги текшерүүнү күчөткөндүгү маалым болгон. Натыйжада узун кезектер пайда болуп, өтүү кыйла татаалданган. Бүгүнкү күнгө чейин чек ара маселеси чечиле элек. Мындай кырдаал ишкерлердин ишин бир топ татаалдантып, чек арада жүк ташуучу унаалары менен өтө албай тургандар көп. Алар жүктөп бара жаткан товарлары убагында өтө албай калгандыктан эскирип же бузулуп кетеби деп тынчсызданып жатышат.
Чек арадан өтө албай турган ишкерлердин абалын билүү үчүн соода өнөр-жай жана базар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревго кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди.
“Чек арада дагы деле жүктөр менен кыйынчылыктар болууда. Адамдар бат баттан эмес бирок жайдан өтүп жатышат. Жүктөр боюнча айтсам, жүк ташуучу машиналарды кылдат жана көп убакыт текшерип жатышат. Мисалы, бир эле машинаны эки сааттай текшерүүдө. Текшерүүдөн өтүп, казак чек арасына киришкенден кийин да ал жактагылар артка кайтарышууда. Мындан улам жүк ташуучу машиналарды ээлери айла жоктон машина койуучу аянтка токтотушууда. Ишкерлердин чыгашасын азыр эсептөөө мүмкүн эмес. Бирок чыгымдар көп. Бат бузулуучу азыктар боюнча жагдай оор. Жеңил машиналар баттан өтүп кете алышпай жатышат. Менин көз карашымда саясий кызыкчылыктардын эсебине бул жерде экономикага оор сокку болду. Бул келишпестиктер жакын арада чечилет деген үмүт чоң. Анткени биз эки биртууган элбиз, кошунабыз. Салтыбыз, маданиятыбыз бир. Тарыхыбыздын түбү бир. Бул маселе кандай жакка чечилет дагы көрө жатаарбыз».
Ошондой эле өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоодо добуш берген соң журналисттерге жооп берип жатып, эгерде жакынкы күндөрү казак тарап чек ара маселесин чечпесе ЕАЭБге кайрыла тургандыгын билдирди.
Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшкөндүгүн жана ал чек ара боюнча маселени жөнгө салууну казак өкмөтүнө тапшырма берээрин билдирген эле. Бирок көп өтпөй казак өкмөтү президенти тарабынан чек ара боюнча тапшырма берилбегенин, Сочиде С.Исаков менен жолугушуп, бул маселени талкуулабаганы жазылган.
Азыркы мезгилде дагы деле абал курч бойдон калууда. Эки тараптын эли, жеке ишкерлер тең чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан учуру. Маселе оң жакка чечилип, абал оңолот деген ойдобуз.
Маалымат ирээтинде:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Чек ара кызматынын маалыматтарына ылайык чек арадан күнүнө 30 миңден ашуун адам, 1800 автоунаа кесип өтөт. Эки өлкөнүн ортосунда “Ак-жол” бекети эң ири чек ара пункту болуп саналат. Бул жерден күнүнө 12 миң адам жана 500–600 автоунаа өтөт. Ал эми “Чалдыбардан” күнүнө 4–5 миң адам жана 300–400 автоунаа өтсө, “Токмоктон” 5–6 миң адам, 100–150 транспорт өтөт.
Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пунктары кирсе, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”,”Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет. Булардын арасынан “Кайыңды” жана “Каркыра” өткөрмө бекеттери жай мезгилинде гана иштейт. Жайкы туристтик сезон учурунда эки өлкөнүн чек арасынан күнүнө 70 миң адам келет.