• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ишкерлерден адистер үчүн 5 миң арыз түштү.

????????????????????????????????????

👁 558

Бишкекте кыргызстандыктарды жумушчу кесиптерге бекер окутуу үчүн түзүлгөн тажрыйбаларды өнүктүрүү фондунун презентациясы болду.

Тажрыйбаларды өнүктүрүү фонду Азия өнүктүрүү банкынын “Кесипкөй окуу жана тажрыйбаларды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн. Фонд жумушчу эмгек рыногунда кесиптердин талаптарын аткаруу максатында түзүлгөн. Окутуу аз убакытта 6 айга чейин жүргүзүлөт.

Учурда тажрыйбаларды өнүктүрүү фондуна жумуш берүүчүлөрдөн жана жеке жумушчу издөөчүлөрдөн 5000 арыз түшкөн, учурда республика боюнча 3096 адам окутулууда.

Окутуу экономиканын приоритеттүү тармагы болгон 25 адистик боюнча окутулууда. Алар: курулуш, тоо-кен өнөр-жайы, туризм, тигүүчүлүк тармагы, айыл-чарба, транспорт жана азык-түлүк өнөр-жайы.

Орто жана башталгыч кесип боюнча билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов: “Жыл сайын Кыргызстанда кесипкөй адистерге болгон талап өсүүдө. Жумуш берүүчүлөргө керек болгон адистерди окутууга ыкчам реакция кылуу керек жана алардын кесипкөй билим берүү базасында окутуу зарыл. Биз бул демилгени колдойбуз жана эмгек рыногунда талап күч болгон кадрларды даярдоочу кесиптик билим берүү лицейлерин жана колледждерин активдүү түрдө тартып жатабыз”-деди.

Учурда берилген арыздар боюнча окутуу 78 лицейдин жана колледждин базасында окутулуп жатат, ошондой эле аймактардагы ар кандай ишканалардын алкагында да адамдар тартылууда.

Окуу үчүн тартылган негизги топтор ишканалардын, уюмдардын кызматкерлери. Алар тажрыйбасын жогорулатуусу зарыл. Ошондой эле калктын аялуу катмарлары (жумушсуз жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер) тартылууда. Белгилей кетсек, билим алуу үчүн арыздар 16 жаштан баштап 65 жашка чейинки кыргызстандыктардан кабыл алынат.

Долбоор республиканын бардык аймактарын камтыйт жана жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта.

Андан соң кесиптик билим берүү лицейлеринин жана колледждеринин мугалимдери менен бирге арыздын негизинде кыска мөөнөттүү курстар белгиленип, окуучулар үчүн топтор түзүлөт.

Фонддун ишинин алкагында 15 000 кыргызстандыкты окутуу каралган.

Кенен маалымат алуу үчүн кыска мөөнөттүү курстар боюнча улуттук кеңешчи Адибахон Хайтматовага кайрылышса болот.

+996 312 318–792

+996 776 998–166

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости