Ишкерге, дизайнерге же тажрыйбалуу инженерге Францияга иш визасын алуу оңой болот. Эми эч кандай кыйынчылыктар жок.
Евробиримдик мигранттарга жана качкындарга виза маселеси боюнча катуу талаптарды койгондуктан, ал жактан келген адистерге туруктуулук орногон өлкөлөр кызыкдар болбой калды.
Азыр Франция бизнести өнүктүрүү үчүн пайдалуу тармактардын тизмесин түзүп жаткан чагы.
Эгерде чет элдиктер тизмеде бодгон компаниялардын бирине жумушка кире алса, анда ал сөзсүз виза алат. Бул программанын дагы бир жакшы дагы, чет элдик мигрант бул компанияда визанын мөөнөтү бүткүчө калууга милдеттүү эмес. Бул болсо ага өлкөдө эркин жүрүү менен пайдалуу варианттарды издөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Эгерде адис иштегиси келген компания тизмеде жок болсо, анда “Таланттын паспорту” деп аталган программа бар. Компания жана жумушчу атайын документти толтурса, таланттуу адам сөзсүз виза алат.
Бул система Францияда бизнес ачууну каалаган инвесторлор үчүн дагы иштейт.
2016-жылы Израиль дагы атайын-визаларды бере баштаган. Бул программа Израилде мамлекет тарабынан колдоо таап келет.
Эл аралык деңгээлде өнүгүүнү жана тажрыйба алууну каалаган мекендештерибиз ойлонуп көрүүсү керек.
Ширин Жумадилова