• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ишкерлер билимге муктаж 

farhad-pakyirov

👁 2,316

ЖИА бизнес ассоциациясы аймактардагы ишкерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, бизнес долбоорду финансы тилинде жазууга үйрөтүү максатында атайын окуу-семинарларды уюштурду.

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров жергиликтүү ишкерлерди окутуу зарылдыгы канчалык маанилүу экенин ортого салып, “Экономика” гезитинин суроолоруна жооп берди.

–Фархад мырза адегенде Кыргызстандагы ишкерлердин негизги көйгөйлөрү эмне, ушул тууралуу айтсаңыз?

–Кыргызстандагы ишкерлердин негизги көйгөйлөрү катары каржынын жетишсиздигин, насыя, лизингден сырткары финансылык институттардын жоктугун айтсак болот. Кредит берүүчү компаниялар жогору пайыз менен беришет. Кеминде алардын үстөк пайызы 20 пайызды түзөт.

Ал эми ишкерлер тууралуу айта турган болсок, өзгөчө аймактагы ишкерлер маалымат алуу жагынан артта калууда. Финансылык уюмдар, айтор ишкерлер кайрыла турган тиешелүү мекемелердин баары борбордо жайгашкан. Көпчүлүк учурда ишкерлер кайрылган инвесторду кармай албай калууда. Өнөктөштүк түшүнүгү калыптана элек. Сапаттуу, кагаз бетине түшүрүлгөн долбоорлор аз. Мына ушул критерийлерди эске алып, биздин ассоциация аймактарда ишкерлерди окутту.

–Окутуу учурунда дагы кандай көйгөйлөр бар экени белгилүү болду?

–Ишкерлер үчүн окуу-семинарын уюштуруу зарылдыгы мурдагы жылдары өткөн BIF ишкерлер форумунун жыйынтыгы көрсөткөн кемчиликтерди жоюуга багытталды. Тажрыйбасы мол бизнес тренерлер менен инвестициялык аналитиктер аймактардагы ишкерлер менен иштөө учурунда бир нече көйгөйлөрдү аныкташты.

Алар:

–Бизнес идеянын тартыштыгы, каржы жана бизнес сабаттуулугунун жетишсиздиги, кагаз бетине түшүрүлгөн сапаттуу долбоорлордун аздыгы жана ишкерлер долбоорду каржы тилинде жаза албагандыгы белгилүү болду. Биз мына ушул кемчиликтерд жоюу максатында аймактарда ишкерлерди колдоо борборун түзүүнү максат кылдык. Кыргызстандын экономикасынын негизги тирөөчтөрүнүн бири болгон орто жана чакан бизнес эмеспи. Бул алкактан алганда орто жана чакан бизнес тармагынын өнүгүшүндө аймактардын ролу абдан чоң.

–ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келе жаткан BIF форуму тууралуу айтсаңыз?

–Кыргызстанда BIF форум быйыл үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат. Учурда инвестициялык форумга даярдыктар жүрүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү инвестициялык форум ушул жылдын декабрь айынын башында уюштурулуусу максатталууда.

Учурда BIF – ишкерлердин потенциалдуу инвесторун таба ала турган жана Кыргызстандагы эң ири, натыйжалуу бизнес аянтча болуп эсептелет. Биринчи форум BIF 2015-жылдын жыйынтыктарына жараша 750 000 ашуун долларга 10дон ашуун компания арасында макулдашуулар түзүлгөн. Ал эми, экинчи форумда 3 млн. доллардан ашуун суммага бештен ашуун макулдашуу түзүлгөн. Бул жылы иштеп жаткан орто жана ири иш-каналар менен бирге старт-ап долбоорлордун дагы катыштырылуусу көздөлүүдө. Бул жылы өлкөнүн түштүк аймактарында иштеп жаткан ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулат.

–Форумду өткөрүүнүн максатына токтоло кетсеңиз?

–Бизнес форумду уюштурууда алдыга бир нече максаттарды койгонбуз. Биринчиден, мен жогоруда айткандай ишкерлер үчүн чоң көйгөй – бул каражаттын жетишсиздиги. Ишкер бизнесин жүргүзүү үчүн банкка барып акча алайын десе, банктар үстөк пайызын жогору пайыз менен беришет. Ага кошумча күрөө талап кылышат. Инвестор издеп, каражатын салууга кызыкдар өнөктөштөрдү табуу. Экинчи максаты – өлкөбүздүн негизги кыймылдаткычы болгон орто жана чакан бизнеске дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр, бизнес тармагында кандай жаңылыктар болууда, биз ага кандай даярдык көрүшүбүз керек, маселен, беш жылдан кийин кандай өзгөрүүлөр болушу керек, биз ошого азыртан баштап даярдануу максатында өзгөрүүлөрдү, тенденцияларды, тренддерди айтып бере турган атайын биздин пленардык дискуссияда ишкерлерге багыт берүү. Ал жерде күчтүү аналитиктер алдыда кандай өнүгүү, өзгөрүүлөр күтүп жатканын ишкерлерге айтып беришет. Үчүнчү максаты – форумда ишкерлер өзүнүн өндүргөн товарына өнөктөш, кардар табуусуна жардам берүү максатында ишкер менен инвесторду жолуктуруучуну аянтча түзүү болуп саналат. Миңден ашуун киши катышары күтүлүүдө. Эки тарап олтуруп товарын сатуу, бирге иштешүү маселелерин талкуулашат.

–Кайсы өлкөлөрдөн инвесторлор келери күтүлүп жатат?

–Учурда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, андан сырткары Монголия, Индия өлкөлөрүнөн келет.

–Үчүнчү жолу өтө турган форумдан кандай натыйжаларды күтүп жатасыздар?

–Учурда долбоорлорду чогултуп жатабыз. Алардын ичинен мыктыларын алып чыгабыз. Так кесе мынча суммадагы келишимдер түзүлөт деп айтуу эрте. Буга чейинки форум көрсөткөндөй биздин долбоорлорго кызыкдар болгон инвесторлор көп. Тилекке каршы, биздин ишкерлер даяр болбой калууда. Буга чейин 3,5 млн. доллардын тегерегинде инвестиция тарткан болсок, быйыл бул өрсөткүчтү дагы жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ишенем.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости