Мындан аткезчилер акча таап алуу мүмкүнчүлүгүн коё беришкен жок. Айыл-чарба өнүмү бат бузулары эч ким үчүн сыр эмес, алар темир жол аркылуу ташылып өткүчө бузулуп, сапатын жоготору турган иш. Унаа менен ташуу алда канча пайдалуу.
Айтымында, ишкерлерге бут тосуу болуп жатат. Эгерде биз мындан ары өнүгүүнү кааласак, жашыл экономикалуу өлкө катары мамлекет ишкерлерге көмөкчү болушу керек.
Мурда ИДӨ 1305 доллар болсо, азыр 1090, бул биздин жарандарын кирешеси 200 долларга кыскарганына кабар берет.
Албетте, Казакстандын өнөр-жайы бар. Тажикстан болсо мындай абалдан өткөн. Бул өлкөнүн экономикасы алсыз. Бирок бул убакыт арасында алар кыргыздардыкынан ашкан экспорттук деңгээлге жете алышты.
Баса, Тажикстан буудайды дагы ийгиликтүү экспорттоп келет, Кыргызстан болсо бул тармакта эч нерсеси менен мактана албайт.
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден тарта 1,5 миң сунуш түшкөн, бирок Кыргызстан бул талаада чабал иштеп келет жана андан болгону 5 арыз түшкөн.