Жергиликтүү ишкерлер эми патентти баардык мөөнөткө сатып алса боло тургандыгына кубана беришсе болот.
Бул мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитети тарабынан жактырылды. Башкаруучу партиянын депутаты Эльвира Сурабалдиева Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевдин мындай сунушун колдоду.
Министрдин орун басарынын айтуусунда, Салык Кодексине толуктоолор коррупциялык жагдайларды ооздуктоо үчүн киргизилген.
Түшүндүрмө:Ишкер мөөнөтсүз патентти бир баа менен ала алат, бирок бул аны салык органы аныктай турган тарифтик баалардын жогорулоосунан улам кошумча төлөмдөн бошотпойт.
Баалар жогорулагандагы акча ишкерге кайтарылбайт. Себеби баалар дайыма өсүп турат эмеспи.