Ишти баштоо оңой бирок, аны туруктуу кармап калуу оор экенин түшүнгөн «Zaman plast» ишканасынын жетекчиси, жеке ишкер Уланбек Жунусов.
- Учурдагы алектенип жаткан ишканаӊыз тууралуу айтып берсеӊиз?
–Учурда биз рынокто кызмат көрсөтүү менен алектенебиз. Биздин ишкананын аты «Zaman plast» пластик эшик — терезе жана алюминий эшик-терезелерин жасап элге кызмат көрсөтүп келе жатабыз.
- Эшик-терезенин материалдарын каяктан алып келесиздер?
- Профилдерди фирмалар алып келишет. Кыргызстанда 5–6 пвх материалдарын алып келген фирмалар бар. Ошолордон биз алып, аларды усталарыбыз жасашат.
- Сиздин ишканада канча адам жумуш менен камсыз болгон?
- Менин колумда беш адам иштейт. Анын төртөө уста, бирөө кыз.
- Чет мамлекеттерге экспорттолуп чыгарылабы же Кыргызстандын ичинде эле сатылабы?
- Азырынча Кыргызстанда гана сатылууда. Ишкананын түзүлүшүнө алтынчы жыл кетип жатат. Өзүмдүн кесибим бухгалтер. Азык-түлүк ишканаларында менеджер болуп иштегем. Өзүмдүн кыялымда ишкана куруу, элге кызмат кылуу болчу. Өзүӊдүн ишканаӊ эмес болсо оюӊдагыны ишке ашыра албайсыӊ, кандайдыр бир чек болот. А өзүӊдүн ишканаӊ болсо бардык идеяӊды иш жүзүнө ашыра аласыӊ.
- Чет мамлекеттеги ишкерлер айтып калышат, бүгүнкү күндө Кыргызстанда салык саясаты эӊ лоялдуу деп. Сиз кыргыз ишкери катары бул жөнүндө эмне деп айта аласыз?
- Кыргызстандын салык саясаты боюнча менин жеке оюм мисалы, башка Орто Азия мамлекеттерине салыштырмалуу жакшы эле. Негизинен алардын салык системасынын пайызын толук билбейм. Бирок элдер өздөрү салык төлөгөндөй кылып пайызын аз төмөнүрөөк система иштеп чыгышса, жакшы болмок.
–Мисалы, араб эмираттарында 2018-жылга чейин салык төлөнбөй келген. Алардын салык саясаты туурабы же биздики туурабы, кандай ойлойсуз?
- Салык төлөнбөй келсе анда алардын жеке ишкерлеринин өнүгүшүнө чоӊ жардам болгон экен. Бул мамлекеттин да өнүгүшүнө зор салым. Албетте жеке ишкер, жеке ишкана өнүккөндөн кийин алдыда чоӊ жетишкендиктер күтөт.
–Бизнесиӊизди кеӊейтейин деген ойлоруӊуз барбы?
–Албетте ой бар. Бул боюнча да ЖИА ассоциациясы көп тренингдерди өтүшөт. Мисалы, өзүӊ эле башкарып отура бербестен өзүӊөн кийинки да кадрды даярдап чыгаруу, ага системаны куруп берип, ишти тапшыруу. Андан ары өзүм дагы жаӊы пландарыӊды ишке ашырсам деп пландап жатам. Негизинен бала кезимен берки кыялым адамдарды иш менен камсыз кылуу болчу. Кудайга шүгүр, орундалып келе жатат.
- Сиз алдыӊызга койгон максаттарыӊызга жеттим деп эсептейсизби?
- Жок. Жете элекмин деп ойлойм. Ишимди башында өнөктөш болуп бири-бирибизге жардам беришип баштагам. Башында усталар менен бирге иш кылчубуз. Өзүбүз бир буйрутманы аяктаганга чейин чогуу аралашып жүрчүбүз. Азыр болсо ошол жумуштун баарынын башында болуп, бир гана башкаруучулук жумушту аткарып калдым. Мурункуга салыштырмалуу жакшы жылыштар бар. Бир буйрутманы кабыл алып, аны балдарга тапшырып коем, алар калганын бүтүрүп коюшат.
- Сапатына канчалык кепилдик бере аласыз?
- Оштогу рынокко салыштырмалуу жакшы. Атаандаштарыбыз менен да мамилелерибиз түз, аларды коллега катары көрөбүз. Кээде материал жетпей калса алардан алып турабыз. Ошентип бири-бирибизге жардам берүүдөбүз.
- Терезе жасоо боюнча Ошто күчтүү мекемелер барбы?
- Бар. Быйыл Бишкектен бир нече ишканалар келди. Алардын өзгөчөлүгү өздөрү цех ачышкан, материалдарын арзандатуу менен бере алышат. Ал эми биз материалдарды сатып алгандыктан арзандатуу кыла албайбыз. Бирок биз жете турган бийиктиктер алдыда деп ойлойм.
- Ишиӊизди канча акча менен баштадыӊыз эле?
- Ишимди 1500 миӊ доллардай карызга алып баштагам. Учурда 20 миң доллардын тегерегинде ишим жүрүп жатат.
- Мисалы, Кыргызстанда пластик эшик-терезе толду. Эмне кыласыӊар?
- Анда алюминий менен иштейбиз. Бул эшик-терезелер эч качан бүтпөйт. Себеби жыгач, алюминий анан дагы башкасы келет. Курулуштар курула берет. Терезе, эшиктери эскирсе кайра жаӊыртышат. Жумуш токтобойт. Анткени улам заман өзөргөн сайын жаңысы чыгып жатпайбы.
- Бизнес туруктуу болуш үчүн кандай кеӊеш бересиз?
- Биринчиден, сабыр керек. Андан кийин бардык нерсеге саресеп салып, көп аракет кылуу зарыл. Жаӊы идеялардын үстүнөн көп иштеп, бир орунда туруп калбоо керек.
Наргиза Өмүрбек кызы