Айдын башталышында Казак Республикасынын Президенти Н. Назарбаев жаңы ишканалардын ачылышы жөнүндө жарыялады.
Акмола облусунда «АвгустНан» химиялык заттарды өндүргөн ишкана эксплуатацияга киргизилди.
Астанада болсо курулуш материалдарын чыгарган завод өзүнүн ишин баштады. Заводдун бир жылдык иш көлөмү 10 миң дисперсиондук жана 120 миң кургак аралашмаларды түзөт.
Чыгыш-Казакстан облусундагы Ульбигин металлургиялык заводдун негизинде «Казатомпром» компаниясы жаңы АЭСтерге жылуулук чыгарган кураштуруу заводунун курулушун баштады.
Алма-Ата облусунда тоо кенди кайра иштетүү комплекси ишке киргизилди. Заводдо жаңы чоюн чыгаруу технологиясы колдонууда.
Караганда облусунда Коктасжал кен чыккан жердин негизинде тоо-байытуучу комплекс жаңы ачылды. Келечекте ишканада жыл сайын 18 миң тонна катоддук жез жана 3 млн тоннадан ашык руда өндїрїї пландаштырууда.
Тїштїк-Казакстан облусунда көлөмү бир жылда 3 миң тоннадан ашык кїйїїчї майды чыгаруучу завод киргизилди.
Сиздер байкагандай коңшу Казакстандын өнөр жайы өркүндөп иштеп жатат. ЭКОНОМИКА жогорку ишканаларда квалификациялуу ишкерлер зарыл болгондугун кызыккан жарандарга маалымдайт.