Учурда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар айлануу 23 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Ирандын КРдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Али Моджтаба Рузбехани билдирди.
Айтымында, акыркы жылдары экономикалык планда эки өлкө ортосундагы абал анча жакшы эмес, товар айлануу төмөндөп кетти.
“Бирок Кыргыз Республикасы тарабынан виза алуу жол-жоболорун жеңилдетүү жакшы натыйжаларды берди, Ирандан келген туристтердин саны көбөйдү. Ошондой эле Ирандан Кыргызстанга келген бизнесмендердин саны дагы өстү”,-деди М.Рузбехани.
Элчи Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, активдештирүү үмүтү бар экенин билдирди. “Биздин өлкөлөрдө кызматташуу үчүн чоң потенциал бар. Биз тыгыз иштешип, биздин достукту өнүктүрүүбүз абзел”,-деди ал.