• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Иран газ алмашуу боюнча Түркмөнстанга жаңы келишим сунуштады

22

👁 529

Ирандын мунай министринин орун басары Ашхабаддын ТАПИ (Түркмөнстан — Ооганстан — Пакистан — Индия) газ түтүгүн куруу үчүн каражат таба алаарынан күмөн санап жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу Тегеран долбоорго Түркмөнстан менен Пакистан катыша турган жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башчысы Хамидреза Аракинин айтымында, сунушталып жаткан жаңы келишимде түркмөн газын Пакистанга жеткирүү каралган.

«Эч болбоду дегенде ТАПИни 10 жылдан кийин деле курса болот. Азырынча долбоордун коопсуздугун ким камсыздап, каржылык жагын ким көтөрө тургандыгы белгисиз. Биз кыйла арзан баада жана кыска мөөнөттө газ алмашсак болот», — деди ал.

Учурда Түркмөнстан эгемендик алган 1991-жылдан берки эң оор экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Буга байланыштуу түркмөн бийлиги өлкө үчүн негизги экспорт эсептелген жаратылыш газын сатуунун жаңы багыттарын издөөдө.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул максатта ТАПИ газ куурун куруу керек деген чечим кабыл алган. Мамлекет башчынын айтымында, бул долбоор түркмөн газынын экспортун стимулдаштыруунун эң жакшы варианты жана ал өлкө казынасына кыйла киреше алып келе алат. Учурда түркмөн тарап долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө акча сала турган инвестор издөөдө.
Түркмөнстан учурда газын — 30 миллиард куб метр — Кытайга гана экспорттоп жатат. Бирок анын жарымы Түркмөнстандагы газ кендерин иштетүү жана Кытайга чейин газ түтүгүн куруу үчүн Пекин тарабынан Ашхабадга берилген миллиарддаган долларлык насыяны жабуу үчүн кетүүдө.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости